Түркиянын Атайын спортчулар аялдар курама командасы Европанын чемпиону болду

Түркия чемпионатты 6 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы 13 медаль менен аяктады.

1600737
Түркиянын Атайын спортчулар аялдар курама командасы Европанын чемпиону болду

Францияда өтүп жаткан VIRTUS жабык имараттагы Европанын жеңил атлетика чемпионатында Түркиянын Атайын спортчулар аялдар курама командасы 32 упай топтоп Европанын чемпиону болду.

Франциянын Нант шаарында өткөн VIRTUS жабык имараттагы Европанын жеңил атлетика чемпиондугунун акыркы күнүндө Мухсине Гезер аялдар арасында 200 метрге чуркоодо күмүш медалга, Фатма Дамла бийиктикке секирүүдө алтын, ал эми Огуз Түркер эркектер 3 миң метрге чуркоодо коло медалга ээ болушту.

Ошентип Түркия чемпионатты 6 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы 13 медаль менен аяктады.

Аялдар курама командасы топтогон 32 упайы менен бир команда болуп Европанын чемпиондугуна жетишти.

Эсра Байрак чемпионаттын мыкты аял спортчусу болуп тандалды.



Тектеш кабарлар