Майк Тайсондун рингге кайтышы 2 жарым айга кечеңдетилди

54 жаштагы Тайсон 28 - ноябрда рингге чыгат.

1471795
Майк Тайсондун рингге кайтышы 2 жарым айга кечеңдетилди

Бокстун мурунку чемпиону Майк Тайсон 15 жылдан кийин биринчи жолу рингге чыга турган беттештин күнү  28 - ноябрга белгиленди.

Тайсон матчтын 12 - сентябрда өткөрүлө тургандыгы жарыяланган афишаны өзүнүн инстаграм баракчасынан бөлүшүп,  күндүн 28 - ноябрь деп белгиленгенин билдирген.

Акыркы беттешүүсүнө 2005 -  жылы чыккан 54 жаштагы Тайсон менен 2 жылдан бери беттешпеген 51 жаштагы Рой Жонстун ортосундагы 8 раунддук таймаш  Американын Лос Анжелес шаарындагы Dignity Health Sports Parkта өткөрүлөт.

Карьеринде 50 жолу жеңип жана 6 жолу жеңилген Тайсон 1986 -  жылы 20 жашында Тревор Бербик менен беттешип нокаут кылган «эң жаш чемпион» болгон.

Төрт түрдүү салмакта чемпиондук кемерин алган Жонс болсо 66 жолу жеңишке жетишип, 9 жолу жеңилген.

 

 

 



Тектеш кабарлар