Түркиянын электрондук футбол кубогу уюштурулат

Бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен бир топтон бери формасын кие албаган футболчулар, виртуалдык дүйнөдө бири-бири менен беттешет.

1413064
Түркиянын электрондук футбол кубогу уюштурулат

Клубдар биримдиги фонду жана берүү уюму beIN Sports тарабынан 9-10-майда Түркиянын электрондук футбол кубогу уюштурулат.

Бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен бир топтон бери формасын кийе албаган футболчулар, виртуалдык дүйнөдө бири-бири менен беттешет.

Супер лигада орун алган 18 команданын бирден оюнчусу Түркия Е-футбол кубогунда таймашат.

Футбол сүйүүчүлөр 9-10-майда боло турган онлайн таймаштарды beIN Sports экрандарынан көрө алышат.

Түркия Е-футбол кубогунда беттеше турган футболчулар жана командалар мындай: Эмре Акбаба (Галатасарай), Жорж-Кевин Н'Куду (Бешикташ), Онур Булут (Айтемиз Аланьяспор), Салих Дурсун (Фрапорт TAV Антальяспор), Гөкхан Аккан (Чайкур Ризеспор), Эрдоган Йешилюрт (Демир Груп Сивасспор), Ферди Кадыоглу (Фенербахче), Улаш Зенгин (Газиантеп), Арда Кызылдаг (Генчлербирлиги), Сонер Айдогду (Гөзтепе), Энвер Женк Шахин (Хэс Кабло Кайсериспор), Аныл Коч (Касымпаша), Селим Ай (Иттифак Холдинг Коньяспор), Ирфан Жан Кахвечи (Медипол Башакшехир), Сыткы Ферди Имдат (МКЭ Анкаракүчү), Угуржан Чакыр (Трабзонспор), Эрен Тозлу (BtcTurk Жаңы Малатьяспор) жана Огуз Йылмаз (Юкатель Денизлиспор).



Тектеш кабарлар