Түркия ФИФА дүйнөлүк тизмесинде жогорулады

Бельгия лидерлигин улантып жаткан тизмеде Түркиянын 8 -  июндагы группа оюнунда 2 – 0гө жеңген Дүйнөлүк кубок чемпиону Франция экинчи орунда калууну улантты.

1218767
Түркия ФИФА дүйнөлүк тизмесинде жогорулады

Түркия улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациялры биримдиги ФИФАнын дүйнөлүк тизмесинде 37 -  баскычка жогорулады.

ФИФАнын интернет сайтынан билдирилген июнь айындагы дүйнөлүк тизмесине караганда тренер Шенол Гүнештин башкаруусунда 2020  Европа футболдук чемпиондугунун тандоолорундагы бир оюнда жеңилип үч оюнда жеңүүчү болгон ай  - жылдыздар 1467 балл менен эки баскыч жогорулап 37 – орунга чыкты.

Бельгия лидерлигин улантып жаткан тизмеде Түркиянын 8 -  июндагы группа оюнунда 2 – 0гө жеңген Дүйнөлүк кубок чемпиону Франция экинчи орунда калууну улантты.

Н группасындагы башка өлкөлөрдөн Исландия 35чи, Албания 66чы, Андорра 139чу, Молдова болсо 170 – орунду алды.



Тектеш кабарлар