УЕФА Европа лигасынын тарыхында экинчи ирет эки англис командасы финалда беттешет

Англиянын эки командасы Челси менен Арсенал эртең УЕФА Европа лигасынын финалын Бакуда ойнойт.

1209772
УЕФА Европа лигасынын тарыхында экинчи ирет эки англис командасы финалда беттешет

Европанын эки номердүү кубогу ээсин табат...

Англиянын эки командасы Челси менен Арсенал эртең УЕФА Европа лигасынын финалында беттешет.

Бул беттешүүгө Азербайжандын борбор шаары Баку кожоюндук кылат.

Челси УЕФА Европа лигасынын жарым финал таймашында Айнтрахт Франкфуртту жеңип алып атын финалга жаздырган.

Премьер-лигада каалаганына жете албаган англис командасы Арсенал болсо чоң финалга даяр.

Арсенал УЕФА Европа лигасынын жарым финалында Валенсияны эки оюнда тең жеңип алып финалга келди.

УЕФА Европа лигасынын тарыхында экинчи ирет эки англис командасы финалда беттешет.

1972-жылы Тоттенхэм менен Вулверхэмптон беттешкен.

Ал беттешүүдө Тоттенхэм кубоктун ээси болгон...

Азербайжандын Баку Олимпиада стадиону кожоюндук кыла турган беттешүү Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Оюнду Жанлука Рокки башкарат.



Тектеш кабарлар