Улуттук спортчулардан 6 медаль...

Түркиялык спортчулардын ийгилиги

1178724
Улуттук спортчулардан 6 медаль...

Штанга боюнча Европа чемпионатынын экинчи күнүндөгү мелдештерде улуттук спортчулар, 3 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

Эркектер арасында 61 килограммда мелдешке чыккан Бүньямин Сезер 132 килограммды жулкуп көтөрүп күмүш медаль тагынды.

Силкип көтөрүүдө 151 килогармм менен алтынчы орунда калган улуттук штангист, жалпы эсепте 283 килограммдык даражасы менен күмүш медалга ээ болду.

Ушул эле салмакта жарышкан берки улуттук спортчу Ферди Хардал, 127 килограммды жулкуп көтөрүп коло медалга, силкип көтөрүүдө 155 килограмм менен күмүш жана жалпы эсепте 282 килограмм менен коло медалга ээ болду.

Кыздар арасында 55 килограммда болсо Айшегүл Чобан Башол 106 килограммды силкип көтөрүп коло медаль алды.

Түркияны эркектер жана кыздар арасында 20 спортчу өкүлдүк кылган чемпионат 13-апрелде аяктайт.



Тектеш кабарлар