Улуттук каратэчилер өлкөгө кайтып келишти

Улуттук командадагы спортчулардын баардыгы медалдарга ээ болушту.

1175178
Улуттук каратэчилер өлкөгө кайтып келишти

Испаниянын Гвадалахара шаарында өткөрүлгөн 54-Европа каратэ чемпионатын 3 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль менен аяктаган Түркиянын улуттук курама командасы Стамбулга кайтып келди.

Чемпионатта улуттук командадагы каратэчилердин баардыгы меделга ээ болсо, спортчуларды «Ататүрк» аэропортунда үй-бүлөлөрү тосуп алды.

Түркиянын каретэ боюнча федерациясынын башчысы Эсат Делихасан, тарыхта калган ийгиликке жетишкендерин белгилеп: «Аллах баардыгына ушундай ийгилик насип кылсын. Европа чемпионатында 51 өлкө бар эле жана бул өлкөлөрдүн ичинде эң көп медалга ээ болуп өлкөбүзгө кайтып келдик. Улуттук курамадагы баардыгы медаль алды, бул да тарыхыбызда биринчи жолу болду»,-деди.



Тектеш кабарлар