Түркиянын "А" улуттук курама футбол командасы эки оюнду тең утуп алды

Түркия Модованы 4-0 эсебинде утту.

1170617
Түркиянын "А" улуттук курама футбол командасы эки оюнду тең утуп алды
FOTO_18020937_250320192058130000_R_SPO_20190325000000_aa-picture-20190325-18020937.jpg
FOTO_18020793_250320192049180000_R_SPO_20190325000000_aa-picture-20190325-18020793.jpg
FOTO_18020195_250320191946330000_R_SPO_20190325000000_aa-picture-20190325-18020195.jpg

Молдованы Эскишехирде тосуп алган Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасы беттешүүнү 4-0 эсебинде утуп алып  бүтүрдү.

Түркиянын голдорун Хасан Али, Каан Айхан, Женк Тосун эки гол киргизишти.

Ушуну менен Түркия Европа чемпионатынын EURO 2020 тандоолорунун «Н» тайпасында эки оюнду тең жеңип алып баллын 6га жогорулатты.

Жаңы Эскишехир стадионундагы беттешүүсүн жакшы баштаган команда алгачкы мүнөттөрдөн баштап эле Молдовага чабуул коюп жатты.

24 мүнөттө Хасан Али Калдырым биринчи голду киргизди.

Бул голдун таасиринен чыга электе Молдовага 2 мүнөт кийин Женк Тосун гол киргизди. Ошентип оюндун жарымы 2-0 менен бүттү.

Бурак Йылмаз 54 мүнөттө жазадан тепкенде Кошелев тосуп койду.

Андан кийин 56-мүнөттө бурчтан тебилген топту Деңиз Түрүч пас берип Женк Тосун гол киргизди. Ошентип оюн 3-0 болду.

Молдованын дарбазасын курчап алган «А» улуттук команданын оюнчулары Каан Айхандын баш менен киргизген голу менен 4-0 алдыга өттү. Каан улуттук курама командадагы алгачкы голун киргизди.

Буга кошумча Жаңы Зеландиянын Крайсчерч шаарында 15-март күнү жума намазы убагында эки мечитке болгон террор кол салуусунда каза тапкандар унутулган жок.

Улуттук курама команданын футболчулары оюн башталаарда ысынууга Жаңы Зеландиянын Крайсчерч шаарындагы террор кол салуусунда каза болгон Давуд Набинин акыркы сөзү болгон «Hello, brother!» (Салам, тууганым) жазуусу орун алган плакатты көтөрүп чыгышты.


Этикеткалар: #Түркия , #футбол , #Молдова

Тектеш кабарлар