Күрөштө алтын медаль

Улуттук күрөшчү орусиялык атаандашын жеңди

802621
Күрөштө алтын медаль

Дүйнөлүк грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 85 килограмм салмакта орусиялык атаандашы Мухаммед Евлоевди 5-3 эсебинде жеңген Мухаммед Фуркан Дурсун дүйнө чемпиону болду.

Грециянын борбор шаары Афинада өтүп жаткан чемпионатта улуттук күрөшчү Мухаммед Фуркан Дурсун Орусиядан Евлоев менен алтын медаль үчүн таймашты.

85 килограмм салмакта Түркияны өкүлдүк кылган Мухаммед Фуркан Дурсун орусиялык таандашы Евлоевди 5-3 эсебинде утуп алып, алтын медалга ээ болду.

Премьер-министрликтин басма сөз кызматынан маалымдалгандай президент Режеп Тайип Эрдоган менен премьер-министр Бинали Йылдырым дүйнөлүк грек-рим күрөшү боюнча мелдеште алтын медалга ээ болгон улуттук спортчу Фурканга куттуктоо телеграммасын жөнөтүштү.



Тектеш кабарлар