Түркиянын курамасы эртең Хорватия менен ойнойт

Эскишехирдеги Йенишехир стадионунда боло турган мелдеш саат 21:45те башталат.

800922
Түркиянын курамасы эртең Хорватия менен ойнойт

Түркиянын А улуттук курама футбол командасы, ФИФА-2018 Дүйнөлүк кубоктун I тайпасындагы 8-оюнунун эртең өз талаасында Хорватия менен ойнойт.

Эскишехирдеги Йенишехир стадионунда боло турган мелдеш саат 21:45те башталат.

Таймашты Венгриянын Футбол федерациясынан калыс Виктор Кассаи башкарат. Кассаинин жардамчылары Венжел Тоц жана Гиоргий Ринг болушат. Оюндун төртүнчү калысы болсо Адам Фаркас болот.

Тандоолордо I тайпасындагы оюндарын ойдогудай баштай албаган улуттук курама команда акыркы үч оюнду утуп алгандан кийин Укаринага атаандаш талааснда 2-0 эсебинде утулуп, тайпадан жогорулоо мүмкүнчүлүгүн татаалдатты.

Тайпасындагы 7 оюндун үчөөнү уткан улуттук команда, 2 жолу тең чыкса жана 2 жолу жеңилүүгө учурады.

Ай-жылдыздуу команда тайпасында 11 балл менен 4-орунда турат.

А улуттук курама команда Хорватияны жеңип алып, Орусияда өтө турган Дүйнөлүк кубокко катышуу мүмкүнчүлүгүн уланткысы келет.

Тайпасында ойногон 7 беттешүүдө 5 жеңиш, бирден тең жана жеңилүүсү болгон Хорватия, 16 балл менен эң алдыда.



Тектеш кабарлар