Эверест марафонуна катышкан алгачкы түрк

Түркиянын Ар ким үчүн спорт федереациясынын жарыясына караганда Эже Вахапоглу «Дүйнөнүн эң бийик жериндеги» жарышта 21 км жарым марафондук категориясында таймашты.

742348
Эверест марафонуна катышкан алгачкы түрк

Дүйнөнүн эң татаал жана эң бийик жеринде өтүүчү Эверест марафонуна катышкан алгачкы түрк болгон Эже Вахапоглу, жарым марафон категориясында жалпы эсепте 7-орунга ээ болду.

Түркиянын Ар ким үчүн спорт федереациясынын жарыясына караганда Эже Вахапоглу «Дүйнөнүн эң бийик жериндеги» жарышта 21 км жарым марафондук категориясында таймашты.

Жаштар жана спорт министрлиги менен Түркиянын Ар ким үчүн спорт федереациясынын колдоосу менен Эверест марафонуна катышкан Вахапоглу, 3 саат 48 мүнөттүк даражасы менен айымдар арасынан төртүнчү, жалпы эсепте болсо жетинчи болду.

34 өлкөдөн 200 катышуучу жарышкан уюштурууда жарым марафондо 24 киши орун алды.

Жарым марафондо күч сынашкан жарышчылар, 5364 метр бийиктиктеги негизги лагерди да камтыган ар башка бийиктиктеги лагерлерге бөлүнгөн жалпы 150 чакырымдык зор багытты күндө 5 сааттан жүрүштөр жана жарга чыгуулар менен бүтүрдү.

Андан соң 4571 метр бийиктикте 3440 метрдик жолду тыныгуусуз чуркады.



Тектеш кабарлар