Эрзурумда Кышкы олимпиада фестивалы

Фестивалга 35 өлкөдөн 700дөн ашуун спортчу катышат.

668904
Эрзурумда Кышкы олимпиада фестивалы

Эрзурум шаарында 11-18-февраль күндөрүнүн аралыгында өтө турган 13-Европа Жаштар Кышкы олимпиада фестивалында Түркияны 24ү кыздардан турган жалпы 69 спортчу өкүлдүк кылат.

Фестивалга 35 өлкөдөн 14-18 жаш курактарында 700дөн ашуун спортчу катышат.

9 башка тармакта (тоо лыжасы, сноуборд, лыжа менен секирүү, биатлон, керлинг, конки тебүү, көркөм муз тебүү жана хоккей) өтө турган мелдештер үчүн бардык жайлар даяр болду.

Фестивалдын алдында даярдык мелдештери өткөрүлүп, иш-чарага катышкан спортчу, машыктыруучу жана чет элдик делегациялар спорттук жайлардын кышкы олимпиада фестивалына даяр экенин сөз кылышты.

Бул фестиваль менен бирге Эрзурум дагы бир кышкы спорттук иш-чарага жетекчилик кылган болот.

Универсиада-2011 менен кышкы спорттук оюндарга каалгаларын ачкан Эрзурум андан кийин да көптөгөн маанилүү иш-чарага жетекчилик кылган болчу.



Тектеш кабарлар