2016 Рио олимпиада оюндарында А улуттук аялдар командасы чейрек финалга чыгууну гарантияга алды

Группада 4 матчтан кийин жеңишке жетише албаган Бразилиянын чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү калган жок

550650
2016 Рио олимпиада оюндарында А улуттук аялдар командасы чейрек финалга чыгууну гарантияга алды

А улуттук аялдар командасы 2016  Рио олимпиада оюндарында Франциянын Бразилияны жеңүүсү менен чейрек финалга чыгууну гарантияга алды. А группасынын матчында Франция Бразилияны жеңип үчүнчү жеңишине жетишти. Группада 4 матчтан кийин жеңишке жетише албаган Бразилиянын чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү калган жок.

А улуттук аялдар баскетбол командасы А гурппасындагы  4 -  матчында Белорусияны 74 – 71  упайга жеңип чейрек финал үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн болчу.  Бул жыйынтык менен Түркия группадагы экинчи жеңишине жетишип,  Беларусия үчүнчү  жолу жеңилди. Ай – жылдыздуулар группадагы акыркы матчта 13 -  август ишемби күнү Түркия убактысы боюнча 21:30да Бразилия менен беттешет. Бул матч Түркиянын группадагы тизмесин чейрек финалда жарыша турган атаандашын белгилейт.



Тектеш кабарлар