Фенербахчеден тарыхый жеңиш
Фенербахче УЕФА Европа лигасында Аяксты 1 – 0гө жеңип жеңишке жетишти
397647
УЕФА Европа лигасынын А группасынын 3 - матчында Шүкрү Сарачоглу стадионунда Аякс менен беттешкен Фенербахче аянттан 1 – 0 жеңиш менен чыкты. Команданы жеңишке жеткирген голду 89 – минутада Фернандо киргизди. Фенербахче бул жыйынтык менен баллын 4кө чыгарып, группада экинчи орунга чыкты. Бир тараптан сары – көктөр бул жеңиш менен Голландиянын өкүлү Аяксты жеңген биринчи түрк командасы болду.
Фенербахче А группасындагы 4 - матчында 5 – ноябрь бейшемби күнү атаандаштын талаасында Аякс менен беттешет.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.