А улуттук курама командасынын максаты

Түрк командасы бүгүн Латвияны тосуп алат.

342276
А улуттук курама командасынын максаты

Түркиянын футбол боюнча А улуттук курама командасы, 2016-жылы өтүүчү Европа чемпиондугунун тайпалар арасында тандоо оюнунда бүгүн кечинде Латвияны тосуп алат.
Конияда боло турган мелдеш саат 21.45те башталат.
Тайпанын берки мелдештеринде болсо Чех Республикасы менен Казакстан жана Нидерландия менен Исландия ойнойт.
Бул мелдештер да Түркия убактысы боюнча саат 21.45те башталат.
2016 Европа чемпиондугунун тандоо оюндарында «А» тайпасында Түркия 8 балл менен төртүнчү, Латвия болсо 3 балл менен бешинчи орунда турат.
Францияда өткөрүлө турган финалдарга тайпаларында алгачкы 2 орунду ээлей турган командалар түздөн-түз катышат.
Тайпалар арасындагы мелдештердин жыйынтыгында 3чү болгон команда да турнирде түздөн-түз орун алат, берки үчүнчүлөр болсо плей-офф ойнойт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар