100 метрге чуркоо

Пекиндеги 100 метрге чуркоо ТРТ-спорт каналынан көрсөтүлөт.

339282
100 метрге чуркоо

15-Дүйнөлүк атлетизм чемпиондугунун кызыгылып күтүлгөн жарышы эркектер арасында 100 метрге чуркоо бүгүн болот.
Кытайдын борбор калаасы Пекинде уюштурулган чемпиондуктун экинчи күнүндө чуркай турган эркектер 100 метр жарым финал жана финал таймаштарында жылдыз атлеттер жарыш тилкесинде өздөрүн сынашат.
Ямайкалык Усэйн Болт жана Асафа Пауэлл менен америкалык Жастин Гэтлин жана Тайсон Гей сыяктуу жылдыздар орун ала турган эркектер арасында 100 метрге чуркоодо медалдарды ким ала турганы толкундануу менен күтүлүүдө.
Ким жеңип алса «дүйнөнүн эң ылдам адамы» наамына ээ боло турган эркектер арасында 100 метрге чуркоодо Түркиядан улуттук жеңил атлет Жак Али Харвей жарыша турган финалдар, Түркия убактысы боюнча саат 14:10до башталат. Финал беттешүүсү болсо 16:15те чуркалат. Эки жарышты тең камтыган ушул күндүн толук программасы Түркия убактысы боюнча саат 13:00төн тарта ТРТ-Спорт экрандарынан түз эфирде көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар