Түркия үнү радиосу футбол оюндарын түшүндүрүүдө

Спор тото супер лига оюндары Түркия үнү радиосунда.

261415
Түркия үнү радиосу футбол оюндарын түшүндүрүүдө

Спор тото супер лигасынын 29-жумадагы мелдештеринде Галатасарай бүгүн кечинде атаандаш талаасында Акхисар Беледие жаштык жана спорт клубу менен беттешет. Манисадагы 19-май стадионунда саат 20:00да баштала турган футбол оюнун Мустафа Камил Абитоглу башкарат. Абитоглунун жардамчылары Адил Синем жана Асым Юсуф болсо, Өзер Өзден 4-калыс катары кызмат өтөйт.
Бир тараптан лигадан чыгып калуу коркунучу болгон лиганын башка бир оюну Суат Алтын Иншаат Кайсери Эржиесспор жана Медикана Сивасспордун ортосунда Кайсеридеги «Кадир Хас» стадионунда ошол эле саатта болот. Оюндар ТРТ Радио-1 жана Түркия үнү радиосунан түз эфирде түшүндүрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар