Баскетбол боюнча Дүйнөлүк кубок-2019 Азияда өтөт
Дүйнөлүк кубокто 32 команда таймашат.
ФИБА Дүйнөлүк кубок-2019дун Азияда өтө турганын билдирди.
Эл аралык Баскетбол Федерациясы (ФИБА), 2019-жылы уюштурула турган Дүйнөлүк кубоктун Азия өлкөлөрүнүн биринде өткөрүлүшүнө чечим чыгарды.
Эске сала кетсек өткөн жылы өткөрүлгөн ФИБАнын жыйынында 2018-жылы ойнонулушу керек болгон турнирдин ошол эле жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка дал келбеши үчүн 2019-жылга жылдырууга чечим чыгарылган жана иш-чарага жетекчилик кылуу үчүн Түркия, Кытай, Германия, Франция, Филиппин жана Катар кайрылган болчу.
32 команда таймаша турган Дүйнөлүк кубокко жетекчилик кыла турган өлкө 18-19-июнда ФИБАнын борбордук кеңешинин жыйынынан кийин жарыяланат.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.