Футбол: ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги жарыяланды

ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги боюнча февраль айында 52-орунду ээлеген Түркия март айында төрт баскычка төмөндөдү.

260599
Футбол: ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги жарыяланды


ФИФАнын ай сайын белгиленген жана эң акыркысы бүгүн (бейшемби) жарыяланган дүйнөлүк рейтинги боюнча Европа кубогунун ээси жана 2010-жылы Дүйнөлүк чемпион болгон Испаниянын улуттук командасы 2007-жылдан бери биринчи жолу алгачкы 10 орунга илинбей 11-болду. Ал эми Германия биринчиликти сактады. Алгачкы 10 команданын тизмесинде башка өзгөрүүлөр болсо Италия эки баскыч көтөрүлүп 10-орунду ээледи.
Февраль айында 619 балл менен 52-орунду ээлеген Түркия март айында 25 балл азайды жана 594 балл менен 56-орунга түштү.
Тизменин 13-орунундагы Коста-Рика КОНКАКАФ өлкөлөрүнүн ортосундагы лидерлигин улантса, 18-болгон Алжир эң жогорку рейтингге эгедер Африка өлкөсү катары жана 42-орундагы Иран да эң көп балл чогулткан Азия материгиндеги команда катары көңүлдөрдү бурду.

ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги боюнча алгачкы 10го кирген өлкөлөр төмөнкүчө:
1-Германия
2-Аргентика
3-Колумбия
4-Бельгия
5-Нидерландия
6-Барзилия
7-Португалия
8-Франция
9-Уругвай
10-Италия


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар