Баскетбол боюнча мелдештер уланууда

Фенербахче Үлкер командасы Италиянын EA7 Emporio Armani командасын 82-71 эсебинде жеңип алды.

195225
Баскетбол боюнча мелдештер уланууда

Түрк аба жолдору лигасындагы мелдештер уланууда.
Кечээ топ 16 турунда «Ф» тайпасынынын төртүнчү жумадагы таймашында Түркиянын Фенербахче Үлкер командасы Италиянын EA7 Emporio Armani командасын атаандаштын талаасында 82-71 эсебинде жеңди.
Фенербахче бул жыйынтык менен тайпасындагы экинчи жеңишине ээ болсо, EA7 Emporio Armani командасынын үчүнчү жолку утулушу болот.
Мелдеште баскетбол тобун 9 жолу салган фенербахчели Эмир Прелджич Европа Лигасында топту шакекчеге миң жолу салган баскетболчулардын арасына кирди.
Галатасарай Liv Hospital болсо «Е» тайпасындагы төртүнчү мелдешинде Германиянын Алба Берлин командасына 75-65 эсебинде утулуп калды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар