Германия Дүйнөлүк кубоктун чемпиону

Германия Аргентинаны кошумча убакытта киргизген голу менен утту.

129017
Германия Дүйнөлүк кубоктун чемпиону

ФИФА-2014 Дүйнөлүк кубоктун ээси Германия болду.
Бразилияда өткөн дүйнөлүк кубоктун финалында Германия Аргентина менен беттешти.
Панзерлер нормалдуу убактысы голсуз бүткөн оюндун кошумча убактысында Гетценин киргизген голу менен кубокту алды.
Гемания 4-жолу ушундай кубанычка бөлөнүп, 24 жылдык кубок сагынычын да жазган болду.
Ал эми мурда күнкү оюнда Нидерландия үй ээси Бразилияны 3-0 эсебинде утуп алды.
Ошентип Дүйнөлүк кубокто Германия биринчилик, Аргентина экинчилик, Нидерландия үчүнчүлүк жана Бразилия төртүнчүлүк орундарын алышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар