Дүйнөлүк кубокто үчүнчүлүк оруну
Нидерландия Бразилияны 3-0 эсебинде утуп койду.
127594
Дүйнөлүк кубоктун үчүнчүлүк орун үчүн оюну кечээ өттү.
Бразилия менен Нидерландиянын ортосунда кечээ борбор шаар Бразилиадагы «Nacional» стадионунда ойнолгон ФИФА-2014 Дүйнөлүк кубоктун үчүнчүлүк таймашынын жеңүүчүсү Бразилияны 3-0 эсебинде уткан Нидерландия болду.
Нидерландиянын голдорун 3-мүнөттө Робин ван Перси, 17-мүнөттө Дейли Блинд жана 90-мүнөттө Жоржинио Вейналдум киргизди.
Бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 22:00де Риодогу «Маракана» стадионунда Аргентина менен Германиянын курама командалары финал үчүн беттешет. Оюнду ТРТ-1 экрандарынан түз эфирде көрө аласыздар.
Тектеш кабарлар
Испания лигасында Арда Гүлер...
Испания Ла Лигасынын 33-жумасында Реал Сосьедад менен Реал Мадрид Реал Аренада беттешти.