Эдирненин бадам эзмеси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-60

2061599
Эдирненин бадам эзмеси

Эдирненин бадам пастасы (эзмеси)

Катталган күнү: 25.01.2021

Түркиянын батыш чек арасында жайгашкан тарыхый Эдирне шаарында өндүрүлгөн жана Осмон дөөлөтүнүн сарай ашканасына таандык «Эдирне бадам пастасы» мындайча айтканда бадам эзмеси шаардын айыл чарба жерлеринде жапайы өскөн катуу кабыктуу жана толмоч «Хажы Алибей» сортундагы бадамдарды кургатуу, майдалоо жана шербетке аралаштыруу жолу менен жасалат. Эдирне Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген Эдирне бадам пастасы элүү пайыз шекер жана 35 пайыз бадам түрүндө өндүрүлөт. Бадам пастасын жасоодо адегенде жапайы бадамды ысык сууга кайнатып, күрөң кабыгын тазалап, мешке салып кургатылат. Кургатылган бадамдар абдан кичинекей бөлүктөргө майдаланат. Ал арада шекер жана суу чоң казанда кайнатылып шербетке айландырылат. Шербеттин ичине майдаланган бадамдарды кошуу менен бадам пастасынын камыры пайда болот. Камыр түрүндөгү ысык бадам пастасы мрамор столдун үстүнө куюлуп, муздагыча күтүлөт. Муздатылган паста камырын кол менен жууруп, узун жука рулет кылып, цилиндр формасында бычак менен кесилет. Эдирне бадам пастасы ысык аба ырайында салкын жана кургак жерде, суук мезгилде да бөлмө температурасында жана нымсыз чөйрөдө сакталышы керек.



Тектеш кабарлар