Бингөл балы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-58

2055282
Бингөл балы

Бингөл балы

Катталган күнү: 07.10.2022

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Бингөл шаары бийик тоолор менен курчалган жана көп түрдүү өсүмдүктөрүнөн улам аймактын маанилүү бал өндүрүү борборлорунун бири болуп эсептелет. Бингөл балы 2022-жылы Бингөл университетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Аймактагы эмен токойлорунан тышкары саны 1700гө жеткен гүл жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө бай флорасы бар Бингөлдө жайлоолордун орточо бийиктиги 1500-2000 метрди түзгөндүктөн жай мезгили салкын болот жана өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгили узакка созулат. Бул географиялык шарттар аарчылык иши жагынан июнь айынан октябрга чейин колдонула турган бал челектерди камсыз кылат. Аарычылык менен алектенгендер нектардын агымынын эффективдүүлүгүнүн жана абанын температурасынын жогорулашына жараша май айында бал челектерин жергиликтүү бийликтин уруксаты менен көчүрө алышат. Түсү ачык янтардан кара янтарга чейин өзгөргөн жана жыпар жыттуу даамга ээ болгон Бингөл балы каракован жана фильтрленген гүл балы түрүндө өндүрүлөт. Бал чогултуу мезгили болсо сентябрдын башына туура келет. Чогултулган бал айнек идиштерге куюлуп тартууланат. Бингөл балы ылайыктуу сактоо шарттарында даамын жоготпостон же тоңбостон көпкө чейин сакталышы менен белгилүү.



Тектеш кабарлар