Изник фарфору

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-54

2039374
Изник фарфору

Изник фарфору

Катталган күнү: 27.12.2004

Түркиянын тарыхый шаарларынын бири Бурсанын Изник ​​району керамика искусствосунун туу чокусу катары сыпатталган фарфор өндүрүшү менен белгилүү. Изник ​​фарфору 2004-жылы Изник ​​муниципалитетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Фарфордун камырын жасоодо кварцтан тышкары кум, чопо жана кремний колдонулат. Фарфор өндүрүшүндө дизайн долбоорлорду тактай калыптарга түшүрүү менен башталып, камырды жыгач калыптарга куюу менен улантылган жана кургатуу, өлчөө, оймо-чиймесин түшүрүү, сырдоо, айнектөө жана бышыруу процесстери менен аяктаган көптөгөн этаптар бар. Өндүрүштүн ар бир баскычы интенсивдүү кол эмгегин камтыган устачылыкты талап кылат. Изник ​​фарфор керамикасы, түрк керамикасынын тарыхында чоң техникалык жаңыланууга ээ. Кытайда 1300 градуста бышырылган керамикалар, Изникте өндүрүлгөн жаңы аралашма менен 900 градуста бышырылып жасалат. Жогорку сапаттагы керамика жана жаңычыл дизайны менен көңүлдөрдү бурган Изник ​​фарфорлору алгач Осмон дөөлөтүндөгү бай үй-бүлөлөрдүн кызыгуусун жаратып, кийинчерээк өлкөгө келген чет элдиктердин таасири менен Европа өлкөлөрүнө экспорттолгон. Архитектуралык курулуштардын, өзгөчө мечиттердин дубалын жабууда колдонулган Изник ​​фарфору табак, ваза, кумура, суу чөйчөгү сыяктуу буюмдарды жасоодо да колдонулат.



Тектеш кабарлар