Хереке жибек килеми

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-24

1945960
Хереке жибек килеми
hereke halı

Хереке жибек килеми

Катталган күнү: 01.09.1996

Түркиянын Мармара деңизинин жээгинде жайгашкан жана Стамбулга коңшулаш Кожаели шаары Түркиянын биринчи килем фабрикасынын мекени. Бул жерде өндүрүлгөн жана «Хереке жибек килемдери» деп аталган килемдер 1996-жылы Булуң (Кожаели) муниципалитетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Хереке жибек килеми, колго жасалган өндүрүш техникасы жана өлчөмдөрү менен көңүлдөрдү бурат. Хереке жибек килемин башка килемдерден айырмалаган эң негизги өзгөчөлүк – кош түйүн техникасынын колдонулушу жана кол кайчы менен кесилиши. Өндүрүшү бир канча жылга созулган килемдердин өлчөмдөрү 6 чарчы метрден 468 чарчы метрге чейин жетет. 1843-жылы Осмон империясынын султаны Султан Абдүлмежит тарабынан курулган фабрикада өндүрүлгөн Хереке жибек килемдери өзгөчө чоң сарайларды жасалгалоо үчүн колдонулган. Долмабахче, Йылдыз, Бейлербейи сыяктуу тарыхый сарайларда көргөзмөгө коюлган чоң көлөмдөгү килемдер дүйнөнүн эң ичке жана эң бышык килемдери катары белгилүү. Осмон дөөлөтүнө зыярат кылуу үчүн келген чет элдик династия өкүлдөрүнө белек катары да берилген Хереке жибек килеми ушундайча Европа өлкөлөрүнүн сарайларынан да орун тапкан.



Тектеш кабарлар