Тире базары

Түркиянын эң чоң ачык асман алдындагы базарынын Измирдин Тире районунда ачылганын билесизби?

1873521
Тире базары

Тире базары

Түркиянын эң чоң ачык асман алдындагы базарынын Измирдин Тире районунда ачылганын билесизби?

Измирдин Тире районунда 600 жылдан бери иштеп жаткан эң чоң ачык асман алдындагы базар Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда, Тире базары көлөмү жана көп түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө Кыргызстандын базарынан кийин экинчи орунда турат. Тиренин жергиликтүү калкы тегеректеги айылдардан, кыштактардан жана шаарлардан келген конокторду, ресторан жана мейманкана ээлерин эле эмес, ошондой эле дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген туристтерди да бул базарда тосуп алышат.

Тире базары ар шейшембиде муниципалитеттин үн күчөткүчүнөн окулган «базар батасы» менен ачылып, күркөлөрдү орноткон айыл тургундары берекеге, түшүмдүүлүккө шүгүр кылып, пайда тилешет. Тире жана айланадагы айылдардын өндүрүүчүлөрү курган бул түркүн түстүү базарда аймакта өскөн чөптөрдүн, жашылча-жемиштердин, жергиликтүү сырлардын, айрандардын, майларынын, зайтундардын, зайтун майларынын, самындардын жагымдуу жыттарын аралап жүрөсүз. Бул жерден тамак-аш гана эмес, кийим-кече, сеп, шуру жана колго токулган буюмдар, бут кийим жана айнек буюмдарды да таба аласыз.

Райондун борборундагы чоң көчөлөргө жайылган, ар шейшемби күнү райондун төрттөн үч бөлүгүн камтыган базар Тиреге көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тартууда. Тире базарынын Түркиянын эң эски жана эң чоң базарларынын бири болушунун тарыхый жана маданий себептери да бар. Кичи Мендерес түздүгүнүн түшүмдүү жерлерине назар салган, кереметтүү табияты менен биздин заманга чейинки 2000-жылдан бери көптөгөн цивилизациялардын бешиги болгон бай тарыхый жана маданий мурастарга ээ шаар. Түркиянын 5 ири шаарынан кийин эң көп тарыхый эстеликтер Тире районунда жайгашкан.



Тектеш кабарлар