Буларды билесиздерби?

Маглова суу каналы.

1849363
Буларды билесиздерби?

Мимар Синан тарабынан 460 жыл мурда курулган суу каналынын биринчи күндөгүдөй Стамбулга суу ташууну улантып жатканын билесиздерби?

Кануни Султан Сүлеймандын буйругу менен 2 миң жылдык Кыркчешме суу жолу системасын Стамбулга алып келүү үчүн Мимар Синан тарабынан 1554 – 1563 -  жылдардын арасында курулган Маглова суу каналы биринчи күндөгүдөй Стамбулга суу алып келүүнү улантууда. Мимар Синандын негизги шедеврларынан болгон Маглова суу каналы Стамбулда Алибей дарыясынын үстүндө орун алган.

Азыркы күндө бир өрөөндүн эки тарабын бири бирине байланыштырган жана аймак калкы үчүн көпүрө милдетин аткраган Маглова суу каналы дүйнөдө башка үлгүсү болбогон бир түзүлүшкө ээ. 1563 -  жылы бороондо толугу менен кулаган каналды Мимар Синан катуу агымга жана жер титирөөгө чыдай турган жаңы бир системаны долбоорлоп кайрадан курат.

Астыңкы кабатта кичинекей көздөр менен селде суунун интенсивдүүлүгүн, үстүнкү кабатта кичинекей көздөр менен бороондордо шамалдын күчүн жеңилдетүү максатында. Өзгөчө буттарына карай кеңейген таянычтар менен структуранын салмагын тең бөлүштүрөт. Мезгилдин технологиясы менен бул көркөмдүү курулуштун ортого чыгышы, көпчүлүк көркөм өнөр тарыхчысы тарабынан «мужиза» катары мүнөздөлүүдө.

Маглова суу каналы адистер тарабынан архитектуралык,  инженердик жана эстетикалык жактан дүйнө керемети, дүйнөлүк суу архитектурасынын да  шедеври катары бааланууда. 36 метр бийиктиги, 258 метр узундуктагы суу каналы ээ болгон өзгөчөлүктөрү менен дүйнөлүк туризм үчүн Ейфел мунарасы жана Мостар көпүрөсү менен салштырыла ала турган абдан баалуу чыгарма катары кабыл алынууда.

 



Тектеш кабарлар