Казакстандын президенти Токаевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-40

1836847
Казакстандын президенти Токаевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары

Ардактуу угармандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.          

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев үстүбүздөгү жылдын 26-май күнү Кыргызстанда расмий иш сапары менен болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Токаевди “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында расмий азем менен тосуп алды. Тосуп алуу аземинен кийин эки лидер тет-а-тет жана кеңейтилген форматтардагы жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын соңунда президенттердин биргелешкен декларациясына жана эки өлкөнүн ортосундагы 13 келишимге кол коюлду.

Басма сөз жыйынында президент Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасында биргелешкен соода-логистикалык комплекси куруларын, кыргыз-казак чек арасындагы көп жылдар бою чечилбей келе жаткан жүк ташуучу машинелер маселеси чечиле турганын билдирди. Президент Токаев өз сөзүндө казактарга эң жакын бир тууган эл кыргыздар экенин баса белгиледи. Президенттер биргелешкен соода көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышканын айтышты.

Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы төрагасы болгон Жапаров, ушул эле күнү биримдиктин гибрид форматында 1-Евразиялык экономикалык форумун өткөрдү. Бул форумга Орусия, Армения жана Беларустун лидерлери онлайн режиминде катышты. Жыйында биримдиктин маселелери талкууланып, бул маселелер боюнча суроолорго жооптор берилди. Форумга 15 өлкөдөн 2,5 миң адам катышты.

Евразия экономикалык форумунан кийин Жапаров менен Токаев Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкекте ачылган филиалына барышты. Андан соң президенттер казак акыны Абай Кунанбаевдин айкелин ачышты. Айкелдин ачылыш аземинде президент Жапаров жакында Казакстанда Чыңгыз Айтматов менен Манастын айкелдери тургузула турганын билдирди.

Ушул эле күнү Казакстандын Сенаты Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам берүү боюнча эки тараптуу келишимди жактырды. Казакстан буга чейин да Кыргыз Республикасынын армиясына аскердик-техникалык жардам көргөзгөн.

 Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы январь окуяларынан кийин ички жана тышкы саясатты активдүү жүргүзө баштаганы байкалууда. Маселен, президент Токаев Бишкекке болгон иш сапарынын алдында Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Орусияга иш сапары менен барган. Коңшулар менен тыгыз кызматташуу - Казакстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Бишкектеги жолугушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 2003-жылы түзүлгөн кызматташуу келишимин карап чыгууну жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүнү сунуштады. Кыргызстан менен Казакстан, өз ара мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүп, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы  “эки мамлекет бир улут” саясатына окшош жолду иштеп чыгышса болот. Орусия-Батыш согушу, Ооганстандагы кырдаал жана аймактык коопсуздук маселелери ушундай тыгыз кызматташууну талап кылууда.

Жыйынтыктап айтканда, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон иш сапары жемиштүү өттү. Бажы, транспорт жана коопсуздук тармагында маанилүү келишимдерге кол коюлду. Кыргыз-казак кызматташтыгынын бекемделиши Түркстандын дагы да күчтүү болушуна салым кошот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар