Президент Эрдогандын Өзбекстанга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-32

1808883
Президент Эрдогандын Өзбекстанга жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Türkiye үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда президент Режеп Таййип Эрдогандын Өзбекстанга жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Türkiye Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган үстүбүздөгү жылдын 29-30-март күндөрүндө Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. Президент Эрдоганды Ташкент эл аралык аэропортунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Лидерлер жубайлары менен бирге Ташкенттеги «Жаңы Өзбекстан» сейил багына барышты. Режеп Таййип Эрдоган ал жердеги Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду. Белгилей кетсек, президент Эрдоган «Жаңы Өзбекстан» сейил багын зыярат кылган жана Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койгон биринчи чет өлкөлүк лидер болду. Мындан ары “Жаңы Өзбекстан” сейил багы чет мамлекет башчылары жана делегациялары келе турган жай болуп калат.

Гүлчамбар коюу аземинен кийин президент Эрдоган Көк Сарайда Өзбекстандын президенти Мирзиёев тарабынан расмий азем менен тосуп алынды. Расмий тосуп алуу аземинен кийин Эрдоган менен Мирзиёев тет-а-тет форматында жолугушту. Бул жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери Türkiye менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара урмат-сый, достук жана ишенимге негизделген көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү боюнча пикир алмашышты. Лидерлер күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашып, бул маселелерге карата көз караштарынын окшош экенин айтышты.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Эрдоган менен Мирзиёев Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрдү. Бул жыйында лидерлер быйыл Түркия менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык карым-катнаштын түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун, эки өлкөнүн кызматташтыгынын мындан 5 жыл мурда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн баса белгилешти.

Türkiye Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган эки өлкөнүн “бир туугандыкка” негизделген стратегиялык өнөктөштүк мамилелери өз ара ишеним жана урматтоо атмосферасында тереңдеп жатканын билдирди. Тараптар эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге, тактап айтканда, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүүнү чечишти.

Жолугушуудан кийин «Преференциялдуу соода келишими», «Аскердик алкактык келишим» сыяктуу 9 келишим менен меморандумга кол коюлду.

Президент Эрдоган 30-март күнү Өзбекстандын байыркы шаарларынын бири болгон Хивага барды. Хивалыктар Эрдоганды чоң салтанат менен тосуп алышты. Президент Эрдоган Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин коштоосунда аймактагы тарыхый жерлерди кыдырды. Баарыбызга белгилүү болгондой эле, Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон.

 Türkiye мамлекети Өзбекстандын эң ири төртүнчү өнөктөшү болуп саналат. Президент Мирзиёев белгилегендей, акыркы беш жылда эки тараптуу сооданын көлөмү эки эсеге, түрк инвесторлорунун Өзбекстанга инвестициясы 70 эсеге, өнөктөш компаниялардын саны 5 эсеге өстү.

Эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү, тараптарга коргонуу өнөр жайы тармагында тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүк жаратат. Ташкентте эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин ортосунда кол коюлган келишимдин деталдары айтылган жок. Бирок Türkiye мамлекетинин коргонуу өнөр жай өнүмдөрүн сатып алуу жана бул өнүмдөрдүн айрымдарын Өзбекстанда өндүрүү маселеси эки өлкөнүн күн тартибинде экени белгилүү.

Жыйынтыктап айтсак, президент Режеп Таййип Эрдогандын Өзбекстанга болгон иш сапары жемиштүү өттү. Эки өлкөнүн ортосундагы иш-чаралар жана жараяндар,  Türkiye менен Өзбекстандын мамилесинин азыркыдан да бекем боло турганынан кабар берет.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар