ТүркПАнын 10-пленардык жыйыны өттү

Евразия күндеми-40

1716476
ТүркПАнын 10-пленардык жыйыны өттү

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында ТүркПАнын Казакстанда өткөн пленардык жыйыны тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрь күнү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 10-пленардык жыйыны Казакстандын Түркстан шаарында болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болгон Түркстан шаарында өткөрүлгөн бул жыйынга Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын парламент жетекчилери, Өзбекстандын жана Венгриянын вице-спикерлери жана Түрк Кеңеши, Эл аралык түрк академиясы, ТҮРКСОЙ сымал уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

ТүркПАнын 10-пленардык жыйынынын ачылышында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуулары окулду. Казакстандын президенти Токаев жыйынга жолдогон кайрылуусу аркылуу биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүүнү сунуштады. Жыйындын катышуучулары Токаевдин сунушун колдошуп, жыйындын соңунда кабыл алынган Түркстан декларациясына кошушту.

Казакстан парламентинин жетекчиси Нурлан Нигматулиндин төрагалыгы алдында өткөн жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара мамилеси, парламенттер аралык кызматташтык жана аймактык коопсуздук сыяктуу маселелер талкууланды. ТүркПАнын кезектеги төрагалыгы Азербайжандан Казакстанга өттү.  

Башкы кеңсеси Бакуда жайгашкан ТүркПА, Түрк Республикаларынын -айрыкча Түрк республикаларынын парламенттеринин- ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө ишин алып барууда. 10-пленардык жыйында ТүркПАнын жаңы башкы катчысы менен анын орун басарлары дайындалды. Тажрыйбалуу дипломат Мехмет Сүрейя Эр ТүркПАнын башкы катчысы болуп шайланды. Мехмет Сүрейя Эр буга чейин ТИКАнын төрагасынын орун басары жана Түркиянын Ташкенттеги элчиси кызматтарын аркалап келгендиктен Түрк дүйнөсүнүн маселелерин  мыкты билет десек жаңылышпайбыз.

Казакстан парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин жыйындагы өз сөзүндө, "Түрк өңүтү-2040" стратегиялык документине төп келген үлгү-мыйзамдардын  кабыл алынышы керектигин айтты. Нигматулин кибер коопсуздук боюнча кабыл алынуучу мыйзамдын дал ушундай үлгү-мыйзам боло алаарын баса белгиледи.

Жыйындын соңунда ТүркПАнын Түркстан декларациясына кол коюлду. Кийинки пленардык жыйын 2022 -жылы Бишкекте өтө турган болду.

ТҮРКПАнын 10-пленардык жыйынынын алдында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Нурсултан шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана Казакстандын сенат жана мажилисинин жетекчилери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.  Шентоп «Кожа Ахмет Ясави» атындагы казак-түрк эл аралык университетин зыярат кылып, Эл аралык түрк академиясынын иш-чарасына катышты.

Түркиянын 30 жылдан бери Түрк дүйнөсүнүн интеграциясы үчүн жасап келе жаткан аракети - чоң жана маанилүү. Түрк дүйнөсүн бириктире турган иш-чараларга жана уюмдарга активдүү колдоо көрсөткөн Түркия, ТүркПАнын эл аралык маанилүү институтка айланышында активдүү  роль ойноду.

2008 -жылы түзүлгөн ТүркПА, Түрк тилдүү республикалардын эл аралык аренада таанылуу деңгээлин жогорулатуу жана башка эл аралык уюмдар жана парламенттер менен кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында  чоң роль ойноп келе жатат.

Түрк тилдүү республикалар эл аралык аренада орток дискурска ээ болуу жана биргелешип аракеттенүү үчүн орток мыйзам сунуштарын дагы көбүрөөк кабыл алышы жана бул маселелер боюнча консенсуска келиши керек. ТүркПА дал ушул боюнча эбегейсиз чоң иш-аракеттерди жасоо жоопкерчилигине ээ. ТүркПА эл аралык аренада Түрк дүйнөсү ээ болгон “эрк”ти көрсөтүп турат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар