Афганистанда   экинчи Талибан мезгили

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөлөрү боюнча директору,  жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

1698910
Афганистанда   экинчи Талибан мезгили

      Афганистанда Талибандын ылдам түрдө көзөмөлдү колго алышы баары үчүн күтүлбөгөн абал болду. 2020 – жылы март айында АКШ менен Талибандын ортосунда түзүлгөн келишимден кийин Талибандын алдыга жылышы  ылдамдады. Байден башкаруусунун АКШнын Афганистандан чыгышына карата Трамп мезгилинин саясатын ошол бойдон жактырышы менен бирге Талибан дагы да ээн эркин боло түштү. Байдендин өлкөдөн чыгуу чечимин эртелетиши Талибандын борбор шаар Кабулду оңой эле колго алышына мүмкүнчүлүк түздү. Кабулдун көзөмөлгө алынышы менен бирге афган өкмөтү расмий түрдө кулады жана Афган Улуттук Армиясы таркады. Эми алдыбызда Талибан көзөмөлүнө алган Афганистан бар. Жообу эң көп изделген суроо экинчи Талибан мезгили кандай Афганистанды ортого чыгарат?

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөлөрү боюнча директору,  жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири. Алдыбызда үч сценарий бар. Сценарийлердин биринчиси  Талибандын камтуучу бир өкмөт түзүшү. Түрдүү этникалык жана диний топтор менен мурунку кызматкерлер да ичинде болгон бир өкмөт, Талибандын өлкөнү дагы оңой башкаруусуна жана эл аралык коомчулуктун  колдоосун алышына мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн.  Бул сценарийде коргонуу, коопсуздук, чалгындоо жана экономикалык сыяктуу негизги жана салмактуу министрликтер Талибандын башкаруусунда орун алып анча мааниси жок министрликтер болсо Талибан тышындагы топторго бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Бирок орточо сценарий бир гана өкмөттүн кандай курулары менен эле чектүү эмес. Талибандын шарият  эрежелерин кандай ишке ашырары да орточо сценарийдин ишке ашышы үчүн абдан маанилүү. Бул күнгө чейин билдирилген маалыматтарда аялдардын иштөөсү тууралуу оң маалыматтарды берген Талибан 31 -  августтан кийин ушундай эле маалыматтарды берүүнү  улантуу менен аткарган иштерине да буларды чагылдырышы керек. Акыйкаттан да бир топ эл аралык актер да сценарийди колдогонуна карабастан эң негизги нерсенин Талибандын аткара турган иштери экендигин билдиришти.

Экинчи сценарий болсо  Талибандын абсолюттук түрдө бийлигин турмушка ашыруусунда турат. Мындай бир сценарийде Талибан бийлиги бөлүшүүнүн ордуна бардык түзүлүштү өзүнүн көзөмөлүнө алуу менен Афганистанда абсолюттук бир көзөмөлдү алууну каалайт. Бул ошол эле учурда шарият эрежелеринин да дагы катуу түрдө ишке ашырылып коомду көзөмөлгө алуу деген мааниге келет. Бул сценарийде коопсуздук, экономика, коомдук турмуш сыяктуу тармактарда дагы катуу бир Талибан башкаруусу менен беттешүүгө болот.

Үчүнчү сценарий болсо зомбулукка таянган коркунучтуу бир режимдин ишке ашырылышы. 1996 – 2001 -  жылдарда Талибан катуу эрежелери менен коомчулукту толугу менен кысым жана көзөмөл астына алган бир режимди курган. Ошондуктан Талибандын мындай бир бийлик тажрыйбасынын бар экендиги белгилүү. Жаңы курула турган Талибан режими менен зомбулуктун жана кысымдын көрүнүшү эч шексиз Талибанды ичкериден жана тыштан алсыратат. Бирок Талибандын бир гана структура эмес экендиги ойлонулганда берген билдирүүлөрүнө карабастан диний, саясий жана аскердик канаттын арасында бир пикир айырмачылыгынын пайда болушу менен зомбулук жана кысым борбордо орун алган бир бийлик практикасы ортого чыгышы мүмкүн. Мындай сценарий ошол эле учурда өлкөнүн түрдүү аймактарында Талибанга каршы жергиликтүү көтөрүлүштөрдүн чыгышына да себеп болот.

Талибандын кандай башкаруу курары Афганистандын келечеги үчүн абдан маанилүү. Толугу менен жабык бир режимдин курулушу Афганистанда бар болгон маселелерди дагы да тереңдетет. БУУнун отчетуна караганда өлкөдө 10 миллион бала ачкачылык корунучу менен бетме – бет. 14 миллион адамдын тамак  - аш коопсуздугуна байланыштуу олуттуу маселелер бар. Бул Афганистан калкынын үчтөн бир бөлүгүнө туура келет. Талибан кандай башкаруу курса курсун, маңдайына ар кандай маселелер чыгат. Бул маселелерди чечип Афганистанды башкаруусу бир гана орточо сценарийлердин ишке ашышына караштуу болот. Тескери бир абал чыга турган болсо Афганистан дагы кандуу бир жарандык согуш менен бетме – бет келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар