Карабах оккупанттардан бошотулат

Евразия күндеми-42

1509853
Карабах оккупанттардан бошотулат

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Карабах кризиси тууралуу сөз кылабыз. 

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрь күнү Армениянын кол салуусунан кийин Карабахта аскердик кагылышуулар кайрадан башталды. Армениянын провокацияларынын мизин майтарган Азербайжандын куралдуу күчтөрү бардык фронттон чабуул коюп, армян жоокерлерин чегинүүгө мажбурлашты. Акыркы эки апта ичинде Азербайжан армиясы кыркка жакын эл жашаган жерди баскынчылардан бошотту. Армениянын жүздөгөн аскердик техникасы жок кылынды. 400гө жакын армян жоокеринин набыт болгону айтылууда.

Бул жолу Армениянын өз коргоочуларынан тиешелүү көмөк ала албаганы байкалды. Россиянын Президенти Владимир Путин салгылашуулардын Армения территориясында болбогондугун жарыялап, Ереванга жардам бере турган абал жаралбаганын билдирди. Баарыбызга маалым болгондой, Армения - Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн бири. Эгер уюмга мүчө бир өлкөгө кол салуу болсо калган мамлекеттер ал өлкөгө жардам берүүгө милдеттеме алышкан. Армениянын бийлиги ЖККУдан пайдалануу үчүн Карабахтын узагында жайгашкан Азербайжандын шаарларын, айыл-кыштактарын аткылап жатат. Армяндар тынч жашаган азербайжан калкына каршы фосфор камтыган түтүн, “Смерч” жана танкка каршы ракеталарды, учак бомбасын  колдонушту. Акыркы эки жумадагы армяндардын чабуулдарынан улам 40ка жакын азербайжандын жөнөкөй жарандары каза болду.  Армения карапайым жарандарга кол салуу аркылуу согуш кылмышын жана адамзатка каршы кылмышты жасап жатат. Армян жоокерлери Баку-Тбилиси-Жейхан нефть түтүгү сыяктуу Азербайжандагы эл аралык инвестицияларга да чабуул кылуу менен террордук акт жасашууда.

Дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде жашаган армян диаспорасы ар дайым жасап жүргөн ыпылас пропагандасын жүргүзүп жатат. Армяндар Азербайжандын ДЕАШ согушкерлерин алып келгени тууралуу жалган  маалымат таркатууда. Азербайжандын ДЕАШ согушкерлерине муктаждыгы жок экенин башка өлкөлөрдүн баары билет. Азербайжандын жарандары өз каалоосу менен армияга жазылып, Карабахка келип жатышат. Жаштарын күч колдонуу менен армияга алып жаткан Армения болсо, ПКК террористтерин Карабахта согуштуруп жатат. Карабахта согушкан ПКК террористтери боюнча медиада ар кыл маалыматтар, документтер чыгып жатат.

Азербайжанды колдогондордун үнү бул жолу бийик чыкты. Түрк Кеңеши кагылышуулар башталгандан көп өтпөй эле Азербайжандын территориялык бүтүндүгүн колдогон билдирүү жарыялады. Азербайжандын Президенти Илхам Алиев аты аталган уюмга мүчө мамлекеттердин президенттерине ыраазычылык катын жиберди. Түрксой, Түрк академиясы, ТүркПА жана Түрк маданияты жана мурасы фонду сыяктуу түрк дүйнөсүнүн эл аралык уюмдары Азербайжанды колдоп чыгышты. Афганистан, Пакистан, Венгрия, Босния жана Герцеговиния, Украина сыяктуу мамлекеттер да Азербайжанды колдогон билдирүүлөр жарыялашты.

Түркия башынан бери Азербайжанды колдоп келет. Эки мамлекеттин ортосунда коопсуздук тармагында түзүлгөн келишимдерге ылайык, азербайжандын офицерлери Түркияда мыкты билим алып, мыкты аскер болуп өсүп чыкты. Азербайжан көп жылдардан бери Түркияда чыгарылган курал-жарактарды сатып алууда. Бул нерсе Азербайжан армиясынын Карабахтагы армяндардын коргонуу фронтун жарып өтүшүндө маанилүү роль ойноду. 

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Россиянын демилгеси менен Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Москвада жолугушуп, ок атууну токтотуу боюнча макулдашышты. Бирок бул келишимдин жүзөгө ашырылышынын кыйын экендиги эртеси күнү эле белгилүү болду. Президент Алиевдин “Дипломатияга акыркы жолу мүмкүнчүлүк берели” деген макулдугу менен түзүлгөн бул келишим, армяндардын ок атууну улантуусунан улам ишке ашпай калды. Кризисти түп-тамырынан чечүүнүн жалгыз жолу Карабахты оккупанттардан бошотуу болуп калды.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар