Нобель сыйлыктуу илимпоздун Түркия тууралуу көз карашы

2015-жылы Химия тармагында Нобель сыйлыгын алган профессор доктор Азиз Санжардын Түркия тууралуу ой толгоолору.

586560
Нобель сыйлыктуу илимпоздун Түркия тууралуу көз карашы

Нобель сыйлыктуу илимпоз, профессор доктор Азиз Санжар, Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы тик турган түрк улуту жана мамлекет жетекчилерине ыраазычылыктарын билдирди.

2015-жылы Химия тармагында Нобель сыйлыгын алган профессор доктор Азиз Санжар, 15-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине байланыштуу алгачкы сереп салуусун ТРТда жасады.

Улуттун ошол түндөгү эрдиги менен сыймыктанганын баса белгилеген Санжар: «Бул шейиттердин жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун. Алар менен сыймыктанабыз. Жалгыз эле шейиттерибиз эмес, армиябыздын чоң бөлүмү, өкмөтүбүз, баштагы президентибиз, башкы штаб төрагабыз бардыгы милдеттерин аткарышты. Алар менен мактануудабыз»,-деп айтты.

Түрк улутуна жана мамлекет жетекчилерине ырахматын айткан Санжар: «Ушундай чыккынчылык кол салуу менин өлкөмдө кантип болгонун, эмдигиче түшүнө албай жатам»,-деди.

Төңкөрүш аракетинен кийин президент, өкмөт башчы жана башка жетекчилерге колдоо катын жолдогондорун айткан Азиз Санжар, чоң апааттан ашып өтүлгөнүн айтты.

Санжар түрк улутунун сүйүүсүн жана колдоосун ар дайым жанында сезгенин да белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар