Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды

ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.

2134443
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды

Стамбулдун символдору бул ирет Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) үчүн жарыктандырылды.

Түркиянын коомдук телеканалы ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.

Маанилүү күндөрдө түс жана жарык шоулары менен жарыктандырылган Стамбулдун символдору бул ирет ТРТ үчүн жарыктандырылды.

15-июль Шейиттер көпүрөсү, Фатих Султан Мехмет көпүрөсү, Явуз Султан Селим көпүрөсү жана Чамлыжа мунарасы ТРТнын 60 жылдык мааракесине карата кызыл түскө айланды.

Жарыктандыруу түн бир оокумга чейин уланды.

60 жыл мурун негизделген ТРТ бүгүнкү күндө дүйнөгө 18 телеканал, 17 радио, 41 тил жана диалектидеги берүүлөрүн улантууда.



Тектеш кабарлар