Эйфель мунарасы Түркия желегинин түстөрү менен жарыктандырылды

Бул иш-чаранын алкагында Евро-2016 футбол чемпиондугу бүткүчөктү командасы ойногон өлкөлөрдөн твиттерде эң көп добуш алган өлкөнүн желегине бөлөнөт.

510065
Эйфель мунарасы Түркия желегинин түстөрү менен жарыктандырылды

Франциянын символдорунан борбор калаа Париждеги Эйфель мунарасы Түркия желегинин түстөрү менен жарыктандырылды.

Эйфель мунарасы, Европа футбол чемпиондугу (EURO 2016) убагында социалдык медиа платформасы твиттерде жүргүзүлгөн акциянын алкагында командасы ойной турган өлкөлөрдүн арасынан акыркы оюн ойнолгондон 10 мүнөт өткөндөн кийин эң көп добуш алган өлкөнүн командасынын түстөрү менен жарыктандырылат.

Турнирдеги алгачкы оюнун ойногон «А» улуттук курама команданын твиттерде  #TUR  этикаткасы менен эң көп колдоону алышынан кийин Эйфель мунарасы, 15 мүнөт бою Түркия желегинин кызыл ак түсүнө бөлөндү. Мунаранын үстүндө илинип турган топко ай жылдыздын символу чагылдырылды.

Акция башталгандан бери жалпы тизмелөөдө биринчилиги уланган Түркиянын курама командасы, 35 пайыздык колдоо көрүп алдыңкы орунду сактап келет. Түркия кечээ оюну болгон командалардын арасынан 55,9 пайыздык колдоого ээ болду.

Жалпы тизмелөөдө эң көп колдоо көргөн өлкөлөрдүн арасында экинчи орунда 12,9 пайыз менен Англия, үчүнчү орунда 9,7 пайыз менен Франция турат. Алгачкы күнү эң көп добуш алган Франция болсо, экинчи күнү Эйфель мунарасы эң көп колдоо көргөн Галлердин желегинин түстөрү менен жарыктандырылды.

 



Тектеш кабарлар