Күн тартиби - 50

Мармара университетинин саясий илимдер факультетинин мугалими профессор Женгиз Томардын анализи.

869718
Күн тартиби  - 50

1917-  жылы 11 -  декабрда Иерусалимди басып алган англис генерал Алленбинин крестүүлөр жортуулунун акырына чыккандыгын билдиргендиги айтылат. Жакынкы Чыгышта ансыз да баары баш  - аламан болуп турган кезде арапчанын Дамаск  диалектиси менен айта турган болсок «февканыын тахтаныын» тактап айтканда баш – аламан хаос чөйрөсүндө Трапмтын Чыгыш Иерусалимди да ичине ала тургандай түрдө Израилдин борбор шаары катары кабыл алышы жана жарыяланышы бир атом бомбасынын таасирин жаратып аймакта, балким да Жакынкы Чыгышта «чоң жарылууга» жол ача турган бул маалыматтын 1917 -  жылдагы басып алуусунан толук 100 жылдан кийин болушу бир символизмди камтып жатабы? Буга 2017 -  жылы 2 -  ноябрда Бальфура декларациясынын 100 жылдыгы жана 1967 -  жылдагы Алты күн согушунун натыйжасында Чыгыш Иерусалимдин басып алынышынын 50 жылдыгынын символдорун да кошумчалай алабыз. Жок дегенде Трамптын бул символизмди түшүнө турган киши эмес экендиги боюнча  баарыбыз бирдей пикирде экендигибиз ачык. Андай болсо эмне болду да АКШнын президенти бул күндөрдө мындай чечим чыгарды?

Символизм ынандыруучу болбосо Трамптын шайлоо кампаниясы учурунда Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааный тургандыгына убада бергендигин айтып бул суроого жооп берүүгө болот. Бирок бул жооп да «эмне себептен азыр» деген суроого канааттандырарлык жооптой көрүнбөйт.

Жүзүнчү жыл символунун жана Трамптын бул тууралуу убада беришинин, Иерусалимдин бул күндөрдө борбор шаар катары таанылышы үчүн жетерлик себеп болбогондугун ойлоп жаткан болсоңуз жообу тереңдерде жатат. Акыркы жылдарда Жакынкы Чыгышта болгон өзгөрүүлөрдөн жоопту издөөбүз керек. Жакынкы Чыгышка жаздын желин алып келбеген «араб жазынын» аймактын социологиясында жандуу этникалык жана сектанттык коомдук сызыктарды оңдолбой тургандай кылып бөлгөн жер титирөөгө айлангандыгы абдан ачык. Эч шексиз аймак мындан кийин эч качан мурункудай болбойт. Бирок бул хаостон кийин да тигиндей же мындай бир тартип курулат. АКШнын президентинин акыркы Иерусалим кыймылы болсо проблемалуу сызыктарды талкалап, өз чүйрөсүндө жаңы бир спутниктер тартибин жаратууга карата бир аракет сыяктуу турат. Бирок кудум Барзанинин референдум кумарында болгондой, Димиятка күрүч үчүн бара жатып үйдөгү булгурдан  кол жуу ыктымалы сыяктуу, дагы ачык айта турган болсок бардык араб жана ислам дүйнөсүн  жоготуу коркунучун да камтууда.

АКШ конгресси 1995 -  жылы чыгарган бир чечим менен АКШ элчилигинин Тель Авивден Иерусалимге көчүшүн бекитсе да АКШ президенттери абалдын маанилүү экендигине карабастан алты айлык периоддор менен бул чечимди кечеңдетип жатышкан.  Андай болсо бүгүн эмне болду да АКШ бул чечимден толук 22 жылдан кийин мындай ишке киришти?

АКШнын Сирия жана Иракта жалпысынан Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык жаңылыштыктары акырында Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таанып аймакта кылган маанилүү жаңылыштык чынжырына бир жаңысын кошуусу менен жыйынтыкталууда. Терроризм жана радикалдуулук менен согуш деген аттын астында Ирак, Сирия жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдөгү мамлекеттик системалар жок кылынып, бул өлкөлөрдүн бөлүнүшү эң көп АКШнын аймактагы атаандаштары Орусия жана Ирандын ишине жарады. Орусия Сириядагы таасирин күчтөндүрүп, Батыш Сирияны мандаттык башкарууга айландырды. Иран болсо Ирак менен Сирияда жактоочуларын таап Ливан жана Хизбуллахтын жардамы менен кургактыктан Израилге баруу мүмкүнчүлүгүнө жеткендей Йемен жана Бахрейн сыяктуу  өлкөлөр аркылуу АКШнын булуңдагы союздаштарын курчоого алуу менен коркутуп жанкандай абалга келди. АКШ союздашы жана стратегиялык өнөктөшү Түркияны Сирия маселесинде жалгыз калтыргандай өлкө үчүн коркунуч болгон ПКК, ПЙД/ЙПГ жана ФЕТӨ сыяктуу уюмдарга колдоо берүү менен аймактагы негизги союздаштарын Орусия жана Иран менен кызматташтык түзүүгө мажбурлаган. Буга Булуңда Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан кысмакка алынган Катарды кошолу.

АКШ Жакынкы Чыгыштагы жаңылыш саясаттардын натыйжасында түзүлгөн Түркия, Орусия, Иран жана Катар блогуна каршы өз лидерлигинде Сауд Аравия жана Булуң өлкөлөрү менен Египет жана Израилден турган блок түздү. ДЕАШ акырына чыгып бара жаткан учурда ташталган бул кадам Трамптын жол башчылыгында АКШ, Мухаммед бин Селмандын жол башчылыгында Сауд Аравия (жана Булуң) менен Израилдин арасында акыркы мезгилде ортого чыга баштаган макулдашуунун бир продукциясы катары көрүнүүдө. Ирандын акыркы мезгилдерде аймакта колго түшүргөн кишилер эң көп Израиль, Сауд Аравия жана ошондой эле АКШны да коркутууда. Хариринин Риядда арызын берүүгө мажбурланышы жана Махмуд Аббастын Палестина башкаруусунун атынан кабыл алынышы, мүмкүн болбогон шарттарды камтыган бир тынчтык келишимине мажбурланышы да бул макулдашуу менен билдириле алат. Аббас да акыркы күндөрдө Чыгыш Иерусалимдин ордуна шаардын дээрлик түштүк чыгышындагы Эбу Дис кыштагын Палестинанын борбор шаары катары кабыл алууга мажбурланды. Синадан бир бөлүк территориянын Палестина башкаруусуна берилиши менен Египеттин да бул блоктун пайда болушунда салым кошуусун каалады. Египеттин жакынкы убакта Кызыл деңиздеги эки стратегиялык аларды Сауд Аравияга беришин да ушул макулдашуунун алкагында карап чыгалы. Сиси да бул макулдашуунун негизинде финансылык жардам жана саясий колдоо алуу үчүн бийлигин күчтөндүрүүнү каалаган. Бирок үйдөгү эсеп дайыма эле Жакынкы Чыгыш базары менен дал келбей калышы мүмкүн. Трамп Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таанып шахматтагы кыймылын аткарган болуп жатат. Эч шексиз башта Түркия болуу менен Иордания жана ислам дүйнөсүнөн көптөгөн өлкө бул чечимге катуу каршылык көрсөтөт. Бирок бул жерде негизги белгилей кете турган нерсе Египет жана Сауд Аравия элдеринин жана өкмөттөрүнүн мамилеси болот. Египет жана Сауд Аравия элдери каршылык көрсөтө турган болсо өкмөттөрдүн буга каршы реакциясы Жакынкы Чыгышта бардык тартипти өзгөртөт. Иерусалимде тынчтык болбостон Жакынкы Чыгышка тынчтык келбейт.

Мармара университетинин саясий илимдер факультетинин мугалими профессор Женгиз Томардын анализи.

 

 



Тектеш кабарлар