Күн тартипке сереп салуу-52

Түркия чечкиндүү позициясы менен Сирияда чоң жеңишке ээ болууда.

Күн тартипке сереп салуу-52

Түркия чечкиндүү позициясы менен Сирияда чоң жеңишке ээ болууда.

2018-жылы 19-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын аскерлеринин Сириядан чыга турганын жарыялоосу менен бирге Сириядагы тең салмактуулуктар кайрадан формалана баштады. Трамптын маалымдоосуна жол ачкан процессте Түркиянын чечкиндүүлүгү көңүл бурууда. Президент Режеп Таййип Эрдогандын Евфраттын чыгышына карай аскердик операция жарыялоосунан кийин, Түрк куралдуу күчтөрү менен Түркиянын Сирияда чогуу кыймыл кылган Улуттук армия операциясы үчүн даярдыктарын ылдамдатты. Түрк аба күчтөрү Ирактагы ПКК террор уюгуна карай абадан операция жүргүздү. Сирия-Ирак чек арасына жакын Синжар тоосу менен катар Махмур лагериндеги, Каражак тоосундагы террор уюктарынын атылышы Түркиянын чечкиндүүлүгүн көрсөттү.

SETA (Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду) аналисти-жазуучу Жан Ажундун бул тема тууралуу талдоосу.

2018-жылы 14-декбарда президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда болгон телефондогу сүйлөшүүдө Американын аскерлерин Сириядан чыгарып кетүү чечимин чыгарган болчу. Телефондогу сүйлөшүүгө караганда Дональд Трамп, Президент Режеп Таййип Эрдогандан ДЕАШка каршы күрөшүүнүн Түркия тарабынан өткөрүлүп алынышын суранды жана Президент бул суранычты кабыл алды.

АКШнын Сириядан чыгуу чечиминин жарыяланышы, Американын мекемелеринде Сирияда жана глобалдык деңгээлде жаңырык тапты. АКШнын коргоо министри Жим Мэттис жана ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгурк кызматтан кетти. АКШнын артка кайтуу чечими ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн чечимди сынга алып «Аркабыздын бычакталдык» деп айтууларына алып барды.

Американын президенти Дональд Трамптын Сириядан чыгып кетүү чечими Сириядагы тең салмактуулуктарды чоң өлчөмдө өзгөртүүсү күтүлүүдө. Американын аскерлеринин Сириядан чыгуусу менен пайда боло турган боштуктун ким тарабынан толтурула турганы, Сириянын келечеги үчүн абдан маанилүү. Американын аскеринин чыгып кетүүсү, Түркиянын ЙПГ/ПККга каршы операция жүргүзүүсүнүн жолун ачса, Орусия жана Иран колдогон Асад режиминин ЙПГ менен макулдашып Американын аскерлери бошоткон аймактарга жайгашуусун да мүмкүн кылышы ыктымал.

ПКК түзүлгөндөн тарта Асад режими менен карым-катнашта болду. Сириядагы согуш башталган мезгилде Асад режими Түркия чек арасында үч аймакты ЙПГга кайтарып берди. Бир тараптан эки тараптын ортосунда болгон жолугушууларда ЙПГнын жерге ээ болушу менен катар автономиялык түзүлүш талаптарын кылды жана бул талап Асад режими тарабынан четке кагылган. Американын аскерлеринин чыгып кетүүсү менен катар Асад режиминин ЙПГга карай талаптары артат жана бул абал эки тараптын Түркияга каршы макулдашуусун татаалдатат. Айрыкча Орусия жана Ирандын ЙПГ менен Асад режиминин ортосундагы келишимге кандай карай турганы маанилүү болот.

Ыктымалдуу бир ЙПГ-Режим келишимине тоскоол болуш үчүн Түркия АКШ менен Американын аскерлеринин Сириядан чыгуусун координациялоосу керек. АКШнын президенти Дональд Трамптын социалдык медиа аркылуу жарыялоосунда Американын аскерлеринин Сириядан чегинүүсүнүн акырындан боло турганы жана Түркия менен жогорку деңгээлде координациялана турганын айтуусу, бошогон аймактардын башка күчтөр тарабынан толутурулушуна бөгөт болуш үчүн маанилүү.

SETA (Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду) аналисти-жазуучу Жан Ажундун бул тема тууралуу талдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар