Күн тартиби - 13

Вице – премьер Нуман Куртулмуш : «Европада нео-фашизмдин үнүн угуп жатабыз»

698798
Күн тартиби - 13

Вице – премьер Нуман Куртулмуш Анадолу агенттегинин «Редактордун столунда» аттуу программасында  Европа өлкөлөрүнүн түрк саясатчыларына карата мамилеси тууралуу : «Түркиянын мыйзамдуу шайланган өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, депутаттарына  ал жерде туруп сөз сүйлөө уруксатын бербегендер, жикчил террордук уюм ПККнын полициянын байкоосу астында митинг өткөрүшүнө, макул болбогон  кампания жүргүзүшүнө  ачык колдоо берди. Булар түшүнүксүз нерселер»,- деди.

«Европалык досторубуз муну билишсин, террордук уюмдардын жакшысы, жаманы болбойт»,- деген Куртулмуш буларды айтты : «Бул ПКК террордук уюму мынчалык эрекелетиле турган болсо, семиртилип, багыла турган болсо бир күн европалык саясатчыларга да  зыянын тийгизет. Берген жокпу? Берди. Олоф Палме кылмышын унутушпасын. (Швеция 1986) Европанын демократ саясатчыларынын бирөөсү болгон Палмени ПКК өлтүрдү. Тактап айтканда Европанын ортосунда да европалык саясатчыларга каршы кол салуу жасаган террордук уюмдан сөз кылып жатабыз». Куртулмуш : «Европада нео  - улутчулдуктун, ашыкча улутчулдуктун, нео – фашизмдин баскан үндөрүн угуп жатабыз. Жакынкы тарыхта Гитлер менен Муссолининин фашизминен кыйынчылык тарткан бир Европа бар. Европанын жакынкы тарыхы Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушунун ортосундагы мезгил кандуу тарых. Бул кандуу тарыхтын негизги себеби ашыкча улутчулдук»,- деди.

Вице  - премьер Куртулмуш европалыктардын 16 -  апрелдеги элдик добуш берүүдө Европада жашаган түрктөрдүн добуш беришине тыюу салышы мүмкүн экендигин айта башташкандарын да баса белгилеп, эч бир күчтүн добуш берүүгө тоскоол боло албай тургандыгын айтты. Жаңы системада президенттин текшерүүгө алына албай тургандыгы тууралуу айтылгандарга да : «Президенттин абдан көп жоопкерчиликтери бар. Президент эч качан Түркия Улуттук Парламентинин үстүндө мыйзам чыгаруу боюнча жоопкерчиликке ээ эмес»,- деп жооп берди.

«Президенттин чыгара турган мыйзам өкүмүндө чечимдер эч качан мыйзамга тескери болбойт»,- деген Куртулмуш буларды белгиледи : «Тактап айтканда бир мыйзам иерархиясы, конституциялык иерархия бар. Тактап айтканда өкмөт министрлер кеңешинин чечимин кандай чыгарып жаткан болсо ошондой. Жаңы системада премьер  - министр болбогонуна караганда премьер – министрдин ордуна өкмөттүн башчысы болгон президент буралды чыгарат. Чыгаргандарынын эч бири мыйзамга тескери болбойт. Түркияда мындан кийин 50 пайыз +  алган президент болот жана өкмөт системасын курат. Ошондуктан эл менен дагы жакшы карым – катнаштарды куруу менен элдин талаптарын, күтүүлөрүнө жооп бере ала турган жана эл да шайлай ала турган саясий фигураларды ортого чыгарышы керектигин көрүп жатабыз. Бул негизинен оппозицияга дагы чоң мүмкүнчүлүк берүүдө»,- деди.

«3 миллион сириялыкка жарандыктын берилери жалган»

«Түркияда 3 миллион сириялыкка жарандыктын берилиши маселеси жалган. Кампаниянын бир материалы катары колдонулууда. Жарандарыбыздын тынчын алуу үчүн айтылган сөздөр»,- деген вице – премьер Нуман Куртулмуш бул маалыматтарды берди : «Сириялыктарга жарандык берилет деген нерсе жок.  «3 миллион кишиге жарандык берилет» деп шайлоого каршы айтылууда. Булар биздин досторубуз, бир туугандарыбыз. Биз, алардын өз өлкөлөрүндө да  тынчтык, бейкуттук ичинде жашоосунун пайдубалын түптөөгө аракет кылуудабыз».

Вице – премьер Нуман Куртулмуш : «Биз 3 миллиондон ашуун качкынды алдык, жарандарыбыз жарым тилим нанын бөлүштү. Мынчалык көп качкындын башка бир өлкөгө келиши, чоң социалдык окуяларга себеп болуп жатканда Түркия муну улут катары, кайрымдуулук руху менен кабыл алды. Бир топ маселе жаралышы мүмкүн, бирок   сириялыктар маселеси Түркия үчүн социалдык маселеге айланган жок. Эми  бул элди кайрымдуулугу менен кемсинтпесин. Сириялыктарга жарандык берилет деген нерсе жок. Бул толугу менен шайлоога карата каралоо материалы катары колдонулууда. Булар биздин бир туугандарыбыз, досторубуз»,- деди.

«Бул ачык түрдө ФЕТӨ деп аталган каракчы козголоңчуларын колдоо дегендик»

Нуман Куртулмуш Европанын козголоңчуларга ээ чыгышына байланыштуу буларды айтты : «Муну кабыл алуу мүмкүн эмес. жаңылыш. Бул ачыкча эле ФЕТӨ деп аталган каракчы козголоңчуларын колдоо, коргоо. Муну кабыл албагандыгыбызды айтуубуз керек. Европа өлкөлөрүнө баш калкалаган жана балким алдыбыздагы мезгилде да баш калкалай турган бир топ ФЕТӨжү каракчыларынын дароо Түркияга тапшырылышы, Түркия менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы достук карым – катнаштарбыздын  бир негизи».



Тектеш кабарлар