Күн тартиби - 05

Сирияда тынчтык үмүтү: Астана сүйлөшүүлөрү

664869
Күн тартиби - 05

Казакстандын борбор шаары Астанада 23 – 24 -  январь күндөрү Сириядагы  абал тууралуу өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр бир топ жактан биринчи  болууда. Эң башта беш жылдан бери куралдуу оппозицияны түзгөн группалар менен Сирия режиминин жетекчилери жолугушуп, ок атышпоо жана туруктуу тынчтык үчүн эркин ортого салуулары абдан маанилүү кадам болгон. Акыйкаттан да мындан мурдагы Женева сүйлөшүүлөрүнө  бир гана саясий оппозиция катышып жана ок атышпоолордун түзүлүшү тууралуу туруктуу мамиле кылышкан эмес. Экинчи болуп Сирияда тартиптин түзүлүшү үчүн аймактык тынтчык талабы жана аракетинин ортого салынышы. Ушунун негизинде Түркия, Орусия жана Ирандын бирдикте кыймыл кылышы менен мунун башка аймак өлкөлөрүнөн да колдоо алышы жаңы бир коньюнктуралык абал. Бул абал ошол эле учурда келечектеги жалпы бир аймактык ырааттуулук үчүн да үмүт берүүдө. Башка бир маанилүү нерсе эл аралык саясаттын эң негизги маселелеринин бири болгон Сирия маселесинин Астанада сөз болушу глобалдык геополитикалык күч тең салмактуулугунун кайрадан форма алышына байланыштуу  белгилерди бериши.

Астанадагы сүйлөшүүлөргө сириялык тараптардан башка Түркия, Орусия жана Иран менен бирге БУУнун жетекчилери да катышып, АКШ болсо байкоочу катары сүйлөшүүлөрдө орун алды. Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн болсо жаңы процесс тууралуу күт  - көр саясатын жүргүзүшкөндөрү билинүүдө. Процесстин бул баскычка келиши да абдан чоң  ийгилик. Беш жылдан бери болуп келе жаткан 300 миң жарандын каза болушу, миллиондогон кишинин үйлөрүн таштап көчүшүнө жана бир өлкөнүн кулашына себеп болгон согушту токтото алды. Мында Түркиянын Орусия менен бирге алган саясий жана дипломатиялык инциатив абдан чоң роль ойноду. 15 -  декабрда Халептин эвакуацияланышы менен башталган процесс 30 -  декабрда Сирияда жалпы ок атышпоолорду жарыялоо менен жыйынтыкталып жана Астанада тынчтык үмүтүнүн каалгасы ачылды.

Түркия Халептин эвакуацияланышы менен бирдикте таштаган саясий кадам жана ортого салган дипломатиялык аракеттер менен Сирияда тынчтык жана оюн куруучу бир миссиясын моюнга алгандыгына байланыштуу эркин ортого салды. Бул эркин бир тараптан ПКК – ПЙД террордук элементтерин тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн алыс кармоого аракет кылса, бир тараптан да Ел Бабдагы аскерлери менен өз коопсуздугу жана аймактык коопсуздук жагдайында кыймылын белгилеген.

Астанада эки күн болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында үч гарантер өлкөнүн, Түркия, Орусия жана Иран жарыялаган билдирүүдө бул жагдайларга орун берилди.

  1. Сириянын жеринин бүтүндүгүн, көз карандысыздыгы жана эгемендигинин аныкталышы
  2. Сирия маселесинин бир гана саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечилишине байланыштуу орток пикирге жетүү
  3. Ок атышпоолордун улантылышы жана текшерилиши үчүн жогоруда белгиленген үч өлкө арасында үч тараптуу бир механизмдин түзүлүшү
  4. Куралдуу оппозициячыл топтордун Женевада боло турган жыйынга катышуусун колдошу.Кыскача Сирия тынчтыгы үчүн Казакстандын борбор шаары Астанада жолугушкан Түркия, Орусия жана Иран Сириядагы ок атышпоолор пайдубалын күчтөндүрүү үчүн үч тараптуу механизмди түздү. Жыйындын акырында берилген «тараптардын Сириянын жеринин бүтүндүгү, биримдиги, көз карандысыздыгы жана эгемендигине караштуу экендиги» билдирилиши маанилүү. Бул билдирүү менен Сирияда Обама башкаруусу тарабынан курулган жана колдоого алынган ПКК – ПЙД менен ДЕАШ сыяктуу уюмдарга уруксаттын берилбей тургандыгы ортого салынды. Астанада алынган жыйынтыктардын алкагында туруктуу тынчтыкты түзүү жана саясий чечүүчү жолго жетишүү үчүн  8 -  февралда Женевада сүйлөшүүлөрдү улантары билдирилген. Ошондуктан Астана, Женевада туруктуу тынчтыкка ачылган каалганы ачышы мүмкүн. Астанада себилген тынчтык уруктары Женевада түшүмүн бериши мүмкүн. Үмүт бар, болбошу үчүн себеп жок. Алдыда көрөбүз. Женевада бир саясий чечүүчү жол тууралуу макулдашуу түзүлө турган болсо Сирияда 18 айдын ичинде БУУнун текшерүүсү астында шайлоого барышы пландалууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар