Күн тартиби - 02

2017 – жыл террор жок боло турган жыл

652483
Күн тартиби  - 02

Эч ким айтпайт, айта албайт, себеби эмне болгонун түшүнө алышкан жок...

                 Глобалдык, аймактык жана жергиликтүү саясий динамикалардын, оңой жолдор менен жеңил түшүндүрүлүшү керек. Дональд Трамп президенттигинен АКШнын тышкы саясат тарыхынын 1950 -  жылдардан бери келген тартиптен чыга тургандай белгилер көрүнүүдө. 

                Германиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мартин Шафер : «Асаддын күчтөрү чектелбестен  кагылышуулардын чечилишинин мүмкүн эмес экендигине ишенем»,- деди. Германиянын узун мезгилдүү пландарынын өзгөрбөгөндүгүн да белгилеген министрликтин катчысы Сирияда Орусия жана Түркиянын гарантерлугунда  ишке ашкан  ок атышпоо процессин ыраазчылык менен кабыл алабыз»,- деди. Шарттар болсо төмөнкүдөй :

                 Англиянын «Индепендет» гезити «Реина кол салуусуна эң жакшы жооп Түркияда эс алуу. Жыл сайын Стамбулду жана Түркиянын жээктерине барып эс алган миллиондогон кишини ойлогондо кандайдыр бир коркунучка туш болуу мүмкүнчүлүгү абдан аз»,- деп билдирген.

                

                 Таймс : «Батыш Түркияга бере ала турган бардык жардамды бериши керек. Ушундайча Анкарага  алдыда башталышы мүмкүн болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Түркиянын арачылыгы менен батыштын да өкүлү боло алары боюнча кабар берилиши керек. Батыш өлкөлөрү ДЕАШ тууралуу колдорундагы бардык чалгындоо кабарларын бөлүшүүсү керек»,- деп билдирген.

               Иракка сапар менен барган Франциянын президенти Франсуа Олланд : «Террор менен күрөшүүгө берилген колдоо Францияга карата кол салуулардын алдына алынышына шарт түзөт. Алар бизге кол салса, биздин жерибизге кол салуу үчүн даярданса биз да баарына каршы  согушуп жаткандай согушабыз. Сирия  кризисинде болсо саясий  чечимди жактайбыз»,- деген.

                 «Евфрат калканы» операциясына кудум өздөрүнө жасалып жаткандай каршы чыккандардын бул сөздөрүнөн акыл алып же албай тургандыгы өзүнчө  бир маселе, бирок Париждин Багдат, Сирия жана Эрбилге карата таштаган кадамынын убактысы абдан ачык. Андан башка премьер – министр Бинали Йылдырымдын Ирак сапары да түрк тышкы саясий ишке ашырууларынын дагы таасирдүү бир бөлүгү...

                 Багдат бул сапарды Сирия тууралуу да муну төрт көз менен күтүп жаткан. Ирак премьер – министринин Олланд менен жолугушуусундагы сөзүндө буларды белгиледи : «Стамбул жана дүйнөнүн башка жерлериндеги кол салууну жасаган глобалдык террордук уюм»...

                  Террордук  уюмдун тагдырына байланыштуу айткандары : «ПККнын Ирак жерлерин колдонуу менен Түркияга кол салуусу кабыл алынбайт».

                Ирандын президенти Хасан Рухани : «Стамбулда санааркатуучу окуя менен беттештик. Бул окуя терроризмге каршы чыгып жок кылмайынча  бир вирус сыяктуу   эч кимди аябай тургандыгын көрсөттү. Сирия ок атышпоолор келишиминде Ирандын салымынын болбогондугу, Түркия менен Орусиянын биригүүсү менен ишке ашкандыгын айтуу туура эмес. Иран террор менен күрөшүү жана дипломатияда маанилүү, активдүү роль ойногон.  Дайыма Сирия, Орусия жана Түркия менен байланышып турабыз»,- деди.

                 Өткөн шейшемби күнү Түркия Улуттук Парламентинде сөз сүйлөгөн премьер – министр Бинали Йылдырым буларды айткан : «Дональд Трамп бул маскаралыкты  - Обаманын кылгандарын бүтүрүшү керек. Бүтүрбөсө биз ансыз да жолубузду уланта беребиз». Бул жерде АКШ жана Батыш менен мамилебиз оңолгондо ошол эле жаңылыштыктарды кетирбөө негизги максат.



Тектеш кабарлар