Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-52

165480
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-52


Урматтуу окурмандар. «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабыздын акыркы чыгарылышын окуп жатасыздар. Дени-сак узак өмүр сүрүү алгачкы кылымдардан бери адам баласынын эң чоң каалоосу болгон. Тарыхтын эң байыркы дастандарынын бири «Гылгамышта» Месопотамияда өкүмдарлык кылган король Гылгамыштын өлүмсүздүктүн сырын билүү үчүн алыс жерлерге сапарга чыккандыгы түшүндүрүлөт. Б.з.ч 3000-жылдарга барып такалган дастанда падыша чоң аракеттеринен кийин түбөлүккө жашата турган өлүмсүздүк өсүмдүгүнө ээ болот. Бирок ал табылгасын жей электе жыланга алдырып жиберип, кыялдары менен коштошот.
Адам баласы оорулардан кутулуу, узак өмүр сүрүү үчүн миңдеген жылдардан бери король Гылгамыш сыяктуу саякат кылып келишет. Издегендери өлүмсүздүк эмес, бир гана дени-сак жашоо. Ушундан улам «медициналык туризм» деген бул түшүнүк барган сайын жайылууда. Түркия бул жаатта акыркы 10 жылдан бери алдыңкы саптагы өлкөлөрдүн катарында турат. Медицина тарыхы байыркы доорлордо эле башталган Анадолу аймактарына эми Ооганстандан Германияга чейин, Азербайжандан Ливияга чейин дүйнөнүн көптөгөн жеринен бейтаптар келүүдө. Алардын саны барган сайын көбөйүп жатат. Өзгөчө 2010-жылдан кийин бул өсүүнүн ылдамдаганын айта алабыз. 2011-жылы Түркияга келген чет элдик оорулуулардын саны орто эсеп менен 150,000 киши болсо, 2012-жылдан тарта бул сан 270.000ге жетип дээрлик эки эсеге көбөйдү.
Түркия дүйнөлүк стандарттар менен жарыша тургандай деңгээлдеги толук жабдылган ооруканалары, географиялык абалы жана өнүгүүлөрү менен медициналык туризмде дүйнөдө лидер өлкө болууну максат кылган. Бул маселеге өзгөчө маани берген Саламаттык сактоо министрлиги 2015-жыл үчүн 500000, 2023-жыл үчүн болсо 2000000 чет элдик оорулууну өлкөдө тосуп алууну жана дарылоону пландап жатат.
Түркияга дарылануу максатында келген бейтаптардын көпчүлүгү Стамбул, Анталья жана Анкара сыяктуу чоң шаарларда дарыланышат. Айрыкча көз, тиш оорулары, эстетикалык хирургия, кардиология, ортопедия жана травматология менен ички органы жабыркагандарды дарылаган бөлүмдөргө кайрылуулар арбып жатат.
Чет элдик оорулуулар жогорку сапаттагы тейлөөгө карабастан арзан дарылоо камсыздалганынан улам Түркияны тандашууда. Бул тармак заманбап ооруканалары, жетиштүү сандагы кызматкерлери, адистердин бардык талаптарга жооп бергендиги, технологиялык база жана тажрыйбасы менен Европа стандарттарына шайкеш. Сапаттуу жана жаңы жабдыктар менен камсыздалган саламаттык сактоо мекемелеринде тажрыйбалуу, мыкты адистер эмгектенишет. Кыска мөөнөттө дарылоо да Түркиянын бул тармагындагы жетишкендиктердин бири.
Сиздер ТРТнын Түркия Үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар. Түркия-медициналык туризмде өз аймагында потенциалы жогору болгон өлкөлөрдүн бири. Дүйнөлүк стандарттардагы толук жабдылган ооруканалары, тажрыйбалуу кызматкерлери, кыска мөөнөткө күтүү убакыттары жана арзан баада дарылануудан улам Түркия чет элдик оорулуулар эң көп тандаган өлкөлөрдүн бири болуп саналаарын жогоруда айтып өттүк. Төрт мезгил тең төп келген ыңгайлуу климаттык шарттары да өлкөнүн медициналык туризминдеги мүмкүнчүлүк катары эсептелүүдө. Акыркы жылдарда дүйнөнүн ар тарабынан ден-соолук чыңдоочуларды тарткан дагы бир жагдай Анадолунун шыпаалуу суулары. Геортермалдуу булактар жагынан дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн бири болгон Түркияда көп сандаган термалдуу булактар жана арашандар бар. Бул багытта эң алдыңкы 7 өлкөнүн катарында. Жылуулугу 20дан 100 градуска чейин жеткен 1500 кайнар булак бар. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Түркиядагы термалдуу суулардын агымы, жылуулуктары, ар түрдүү физикалык жана химиялык өзчөлүктөрү менен жогорку сапатта экени далилденген. Дартка дабаа дары булактарын пайдалануу үчүн келгендердин көпчүлүгү жашы улгайып калган европалык туристтер болуп саналат. 2000-жылдарда калкынын 17 пайызын 65 жаштан жогоркулар түзгөн Европада, бул сан 2025-жылы 20 пайызга жогорулайт деп болжолдонууда. Ден-соолукту чыңдоого муктаж болгон курактагылар, көбүнчө термалдык жайларды тандашат. Айрыкча климаты суук болгондуктан өзгөчө ревматизм оорусу көп катталган Түндүк Европа менен Скандинавия өлкөлөрүндө буга талап чоң. Мындай жагдайда Түркия аба-ырайы, маданияты жана тажрыйбалары менен дарыланууга чоң мүмкүнчүлүк ачкан өлкө болуп саналат.
Норвегия, Дания, Швеция, Германия жана Нидерландиядагы айрым медициналык камсыздандыруучу фирмалар оорулуулардын Түркиядагы дарылануу чыгымдарын төлөшү да термалдык жайларды колдонгон туристтердин санынын барган сайын өсүшүнө өбөлгө түзүп келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар