Ислам тарбиясы-21

Намаздын маани-маңызы

Ислам тарбиясы-21

Дуба,  кечирим жана өтүнүч дегенди туюнткан намаз, араб тилинде «бата» сөзү менен түшүндүрүлөт. Дуба ошол эле учурда Алланын улуулугуна баш ийүү, кулдук кылуу жана сөз маанисин де байланыш дегенди билдирет. Ислам салтында намаз- мусулмандын көккө көтөрүлүшү б.а Жаратканга жакындоонун жолу, Ага ушул жол гана алпарары айтылат. Ошондуктан намаз эң маанилүү милдет болуп саналат.  Намаз учурунда мусулман Алланын алдында туруп, ага пендеси катары  кайрылуунун кереметин сезет. Бу жалгандын ой-санааларынан чыгып, руханий жактан арууланат. Ушул себептен намаз, бардык пайгамбарлардын Аллага багыт алышынын так далили болуп саналат.

Курандагы көптөгөн аятта намаздын орундалышы б.а.  ар бир бөлүмүнүн үзгүлтүксүз жана кылдат аткарылышы керектиги баса белгиленген. Анткени намаз -  мусулмандардын абдан олуттуу жана кылдат аткарылчу милдети  болуп саналат. Айрыкча чыныгы мусулмандын өзгөчөлүктөрү тизмеленип жатканда анын намаз учурунда бүт ыкыласы менен айбыгып турганы, намазын өз убагында үзбөй окуганы баса белгиленген. Ал эми намазга олуттуу карабаган жана кылган иштерин элге көрсөтүү үчүн жасагандар  айыпталган.

Мухаммед пайгамбар намазга диндин тиреги деген аныктама берген. Намазды ал рухий сергек абалда,  коркуп да берилип да  окугандыгы айтылат. Ошондуктан намазга Мухаммед пайгамбар сыяктуу  мамиле кылган мусулмандын денеси, акыл-эси жана жүрөгү бирдей кыймылдайт. Дененин негизинде намаздын кыям, таазим, сажда жана окуу сыяктуу шарттары аткарылат. Аң-сезим менен айтылган дубалардын маанисин ойлоп түшүнүүгө аракет жасалат. Жүрөк болсо бул учурда урмат-сый жана жоопкерчилик сезимдерине толот. Дененин башка мүчөлөрү  да ушул озуйпанын эң мыкты ишке ашуусу үчүн керектүү ролду милдеттенет. Эң негизгиси - намаздын Алла Таала көрүп жаткандай окулуусу. Анткени кыям - Алланын алдында турууну, ал эми таазим кылуу- бир гана анын алдында ийилүүнү, сажда болсо - пенденин Аллага эң жакын болгон абалын түшүндүрөт. Ушул себептен намаз  милдеттин бардык түрлөрүн камтыганы айтылган. 

Намазда коркууну камсыз кылуу үчүн Кудайдын ырайымына ээ болуудан тышкары башка бардык ойлордон жана каалоолордон алыс туруу шарт. Адам бир гана намазга көңүл буруп, акыркы намазы сыяктуу орундатуусу керектиги пайгамбарыбыз тарабынан сунушталган. Артында Азреил турганын жана намазы бүткөндө жанын аларын ойлогон мусулмандын ошол намазы өзгөчө болоору шексиз. Ал үчүн пайгамбарыбыз ар бир намазды коштошуу намазындай  окууну сунуш кылган.

 Аң-сезим менен окулган намаз, адамдын жүрөгүнө жоопкерчиликти жайгаштырып, аны жаман ой-санаадан, терс жүрүм-турум жана жамандыктардан алыстатат. Мамилелерин көзөмөлдөп, анын жаман иш кылышына жолтоо болот. Ал эми күндүн белгилүү убакыттарында Алланын алдына чыкканын ойлогон адам Анын ырайымына ылайыктуу мамилелерди масоого аракет кылат. Буга байланыштуу Куранда: «Аларга китептен сага кабар берилгендерди айтып бер да, намаз оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн сактайт. Ал эми Алланы эстен чыгарбоо – өтө бийик түшүнүк. Алла силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат” деп жазылган.

Намаз адамдын материалдык жана руханий тазалыгына шарт түзөт. Анткени намаз окуу үчүн кишинин намаз окуган жери, кийимдери жана денеси таза болушу, айрыкча даарат алуусу же керек болсо гусул алуусу зарыл. Намаз адамдын рухун да ар түрдүү руханий кирден тазалайт. Андан да маанилүүсү -  адам намаз окуу менен күнөөлөрүнөн арылат. Пайгамбарыбыз беш маал намазды, адамдардын эшик  алдынан агып жаткан дарыяга, ал эми намаз окууну  ошол дарыяда беш маал жуунууга окшоштурган. Дагы бир хадисте болсо намаздын адамды тазалаганы  айтылат:

   «Пенде чоң күнөөлөрдөн сактанып, алардан оолак турганда, парздан парзга чейинки жана жумадан жумага чейинки окулган намаздар ал ортодо билип-билбей жасалган майда күнөөлөрдү жууп кетирип турат».

Намаздын өз маалында үзбөй окулушу, адамдын тартиптүү жана программалуу жашашын камсыздайт. Намаз ошол эле учурда мусулмандын көрдүйнөгө баш оту менен кирип кетишине бир аз тыныгуу берип,  Аллага багыт алышына, психологиялык жактан жеңилдешине шарт  түзөт. Дагы бир хадисте  «Эй, ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чынында Алла сабырдуулар менен бирге”- деп жазылган.

    Намаздын эл менен чогуу окулушу өзгөчө сунуш кылынган. Анткени көбүрөөк сооп тийээри баса белгиленген. Намаз эл менен чогуу окулганда коомчулуктун бардык катмарын байланыштырат. Намаздан улам бири-бирине жакын турган адамдардын ортосунда тилектештик жана туугандык сезимдери өнүгөт. Адамдардын ортосундагы ушул руханий байланыш, каржылык жардам жана тилектештике да пайдубал түптөйт.  Жума жана Айт намаздарында элдин мурдагыдан да  көп болушу талап кылынат. Андай кезде мечиттер коомдук тилектештик жана өз ара байланыш жайына айланат.

 



Тектеш кабарлар