Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-44

199958
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-44

 «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызда бүгүн Түркиянын түштүк-чыгыш Анадолу аймагында орун алган Адыяман тууралуу сөз кылабыз. Дүйнөнүн эң эски отурукташуу аймактарынын бири болгон Адыямандын тарыхый жана туристтик өзгөчөлүктөрү менен катар термалдуу булактарын да сиздерге түшүндүрүүгө аракет кылабыз.
Түштүк-чыгыш Анадолунун туристтик шаарларынын бири болгон Адыяман, тарыхтын эң эски отурукташуу жерлеринин бири болуп саналат. Бул областагы Паланлы үңкүрүндө жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдө, мындан толук 40 миң жыл мурда бул үңкүрдө адамдар жашаганы аныкталган. Б.а Адыяманда отурукташуу 40 жыл мурда башталган. Асурлар, перстер, македондор, римдиктер сыяктуу көптөгөн цивилизациялар жашап келген Адыяманда. Бирок бул шаарды бүтүндөй дүйнөгө тааныткан Адыяманга кыска мөөнөткө өкүмдүк кылган Коммаген королдугу болгон.
Коммаген королдугу- учурда Адыяман, Кахраманмараш жана Газиантеп областары орун алган аймакта б.з.ч 1-кылымда курулган жана эки жүз жылдай көз карандысыз боло алган кичиней королдук болуп саналат. Бул королдуктун ушул күнгө чейин тарыхта сакталып калышына болсо б.з.ч 69-кылымдан биздин замандын 36-кылымына чейин өкүм сүргөн Коммаген королу Антикос негиз болгон. Король Антикос Адыямандын Кахта районундагы Немрут тоосуна 8-10 метр бийиктиктеги чоң айкелдерди жана эстелик көрүстөндөрдү салдырган. Түркияны таанытуучу брошюраларда көп кездешилген бул эстеликтер дал өзүндөй ушул күнгө чейин сакталып келген. Король бул көркөмдүү эстеликтерди эмне үчүн салдырган? Айтымдарга караганда король Антикос, Немрут тоосундагы батыштык гректердин дини менен чыгыштык перстердин динин бириктирүүнү пландаган. Анын максаты борбору Немрут тоосу болгон жаңы дүйнөлүк дин жаратуу жана бул динди бул жерден бүтүндөй дүйнөгө жаюу болгон. Мына ушундан улам тоого батыштык жана чыгыштык теңирчелердин айкелдерин тургузган. Албетте бул учурда өзүн теңир катары жарыялап, өз айкелин да Немрут тоосуна тургузган.
Коммаген королу 1-Антикос каза болгондон кийин тилекке каршы анын пикирлери да жок болду. Немрут тоосу ал кыялданган сыяктуу орток диндин борбору болбосо да, 200 жыл мурда салынган бул эстеликтердин негизинде дүйнөгө таанымал табигый кубулушка айланган. Жыл сайын дүйнөнүн төрт тарабынан миңдеген турист Адыяманга король Антикостун салдырган бул көркөмдүү эмгектерин көрүү үчүн келүүдө. Өзгөчө жай айларында топ-топ болуп келген туристтер таңга маал 2150 метр бийиктиктеги Немрут тоосуна чыгышып күндүн чыгуусун күтүшөт. Алардын айтымында «Дүйнөнүн эч бир жеринде күн Немрут тоосундагыдай кооз чыкпайт».
Учурда улуттук парк катары коргоого алынган Немрут тоосундагы бул эстелик көрүстөндөр 1987-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген.
ТРТнын Түркия Үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда түштүк-чыгыш Анадолу аймагындагы Адыяман тууралуу сөз кылуудабыз. Адыяман да Анадолу жарым аралындагы көптөгөн аймак сыяктуу геотермалдуу булактарга бай жерлердин бири болуп саналат. Бул областагы шыпаалуу суулардын көпчүлүгү Бесни жана Челикхан райондорунда орун алган.
Адыямандын 45 чакырым батышында жайгашкан Бесни районунда эки маанилүү кайнар булак бар. Булардын бири «Чөрмүк арашаны» экинчиси болсо «Куручай арашаны». Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө эки арашандын тең толуктоочу дарылоо катары ревматизм жана гемороид менен катар көптөгөн дартка пайдалуу экени аныкталган. Ичип колдонгондо бөйрөктөрдөгү таштарды түшүрүп, ичеги жана ашказан ооруларын айыктырууда таасирдүү экени да белгилүү.
Адыямандын түндүгүндөгү Челикхан району да кайнар булактарга өтө бай. Райондун 15 чакырым чыгышында орун алган жана экинчи аты Коружак арашаны болгон «Челикхан арашаны» эл көп талап кылган арашан болуп саналат. Челикхан районундагы дагы бир шыпаалуу булак болсо «Даг ичмеси». Райондун Ташдамдар жана Конужак айылдарынын чек араларында орун алган бул булак жалгыз гана ичип дарыланууда колдонулат. Муздак минералдуу сууга окшогон бул суу ичеги, боор, өт оорулары менен бөйрөк, гут, семиздик, диабет сыяктуу көптөгөн дартты айыктырууда толуктоочу дарылоо катары өтө пайдалуу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар