Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-43

194645
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-43


Түркиянын туристтик аймактарын жана саламаттык туризм потенциялын баяндаган бул программабызда бүгүн Эгей аймагынан орун алган Айдын областы тууралуу сөз кылабыз. Айдын- Кушадасы сыяктуу Түркиянын маанилүү туристтик райондорун камтыган, кооз жаратылышы сыяктуу тарыхы бай жер болуп саналат.
Байыркы доорлордо Эгей аймагынын эң маанилүү шаарларынын бири болгон Айдын - Түркияда туризмди алгачкылардан болуп баштаткан райондордун бири болуп эсептелет. Тарыхы б.з.ч 6-кылымда башталган бул шаар, Түркиянын бай тарыхый жерлерге ээ болгон областтарынын бири. Бекеринен атактуу тарыхчы Гередот «эң мыкты цивилизациялар өрөөнү» деп мүнөздөбөгөн чыгар. Айдын областында Афродисиас, Милет, Алинда, Дидим, Ниса, Прин, Магнезия сыяктуу тарыхый жерлер жана антикалык шаарлар бар. Ошондой эле Айдын атагы ушул күнгө чейин жеткен көптөгөн аалым, архитектор, айкелчи туулуп өскөн жер болуп саналат. Философ Фалес, Анаксимандр жана Анаксимен, тарыхчы жана географ Хекатаис, шаар пландоочу жана архитектор Ипподром жана Исидор булар бул ысымдардын бир канчасы эле.

Айдын областтында көптөгөн байыркы шаарлар бар. Алардын ичинен эң белгилүүсү Афродисиас байыркы шаары болуп эсептелет. Грек мифологиясынын эң маанилүү каармандарынын бири болгон сүйүү теңирчеси Афродиттин атынан коюлган шаар. Ошондуктан Афродиттин ысымына жарашкыдай түрдө кооз салынган.
Айдындын Каражасу районундагы Афродисиас байыркы шаары- абдан жакшы сакталган эстеликтери менен Анадолуда грек жана рим мезгилдерине таандык эң көркөмдүү байыркы шаарлардын бири. Бул шаар Баба тоосунун борунда, деңиз деңгээлинен 600 метр бийиктикте жайгашкан. Б.з.ч 2-1-кылымдарда курулганы божомолдонгон Афродисиастын тарыхы тууралуу көп маалымат болбосо дагы андан калган калдыктар шаардын өтө чоң, жандуу жана абдан өнүккөн шаар экенин ырастайт. Он миң кишилик театры, 30 миң кишилик стадиону, беш чоң жайдан турган мончосу, агорасы, коомдук жайлары көргөндөргө Афродисиастын жашоо жана маданияты жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет. Ал эми шаардын көркүн ачкан жайы Афродитке арналган храм болуп саналат. Шаардын борборунун түндүгүндө орун алган храмдын курулушу б.з.ч 1-кылымда башталган. Анын курулушу 150 жыл мөөнөттө аяктаганы белгилүү.

Афродисиас б.з.ч 1-кылымдан биздин замандын 6-кылымына чейин б.а орто эсеп менен 700 жыл бою Анадолу менен Жер Ортолук деңиздин эң маанилүү көркөм өнөр жана маданий борборлорунун бири болгон. Медицина изилдөөчүсү Ксенократ, акын Харитон жана ойчул Александр да болгон Афродисиастын тургундары бул жерде архитектордук, айкелчилик, медицина, математика жана астрономия сыяктуу ар түрдүү тармактарда изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, маанилүү эмгектерди жаратышкан. Бирок шаардын негизги атагы ушул жерде курулган айкелчилик мектебинен келип чыккан. Шаардын боюнда жайгашкан Баба тоосунан чыгарылган мраморду иштетишкен усталар Афродисиаста антикалык грек жана рим дүйнөсүнүн эң маанилүү айкелдерин жаратышкан. Ошону менен бирге бул айкелдерди бүтүндөй дүйнөгө таанытышкан. Учурда Рим жана чөйрөсүндөгү казуу иштеринде табылган афродисиастык чеберлердин кол тамгалары орун алган айкел жана рельефтер, бул мектептин байыркы доордо канчалык атактуу экендигинен кабар берет. Шаардагы дээрлик бардык коомдук жайларда жайгашкан жана Афродисиас стили катары билинген искусство мектеби да өнүгүүсүнө салым кошкон көркөмдүү айкелдердин көпчүлүгүн шаардагы Афродисиас музейинен көрүүгө болот. Афродисиастагы археологиялык казуу иштеринде табылган башка табылгалар болсо Стамбулдагы Археология музейине коюлган.

ТРТнын Түркия Үнү радосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар. 

Бүгүнкү программабызда Эгей аймагынын туристтик областтарынан бири болгон Айдын тууралуу сөз кылуудабыз.
Айдын- тарыхы жана туристтик баалуулуктары менен катар геотермалдуу булактар жагынан да чоң мааниге ээ. Кушадасы районундагы Давутлар арашаны менен Герменжик районундагы Лангүллү арашаны шаардын баалуу термалдуу булактары болуп эсептелет.
Эгейдин туристтик райондорунун бири болгон жана жыл сайын миңдеген туристти тосуп алган Кушадасы, көгүлтүр деңиз сыяктуу арашандары менен да таанымал. Кушадасынын Давутлар аймагында орун алган Давутлар арашанынын суусу ревматизм, кан-тамыр, экзема, тукумсуздук сыяктуу ооруларга өтө пайдалуу. Ал эми арашандын 42 градустагы ысык суусу арыктоо максатында да колдонулууда.
Герменжик районундагы Алангүллү арашанындагы 65 -72 градустук кайнар булагы ревматизм, тери жана неврологиялык ооруларга жакшы экени белгилүү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар