Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-38

166983
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-38


«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө 2014-жылдын июнь айында ЮНЕСКОнун б.а Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюму тарабынан түзүлгөн Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Измирге караштуу Бергама районун тааныштырабыз.
Эгей аймагында, Измирдин 100 километр түндүгүндө орун алган Бергама, көптөгөн цивилизацияларды кучагына камтыган тарыхый жер болуп саналат. Тарыхый байлыгы менен катар кооз жаратылышы жана шыпаалуу булактары менен дагы таанымал. Б.з.ч 4000-жылдарда пайда болгон шаар, б.з.ч үчүнчү жана экинчи кылымдарда ушул аймакта өкүм сүргөн Пергамон королдугуна баш калаа болгон мезгилден тарта аты даңкталган. Ошол мезгилде сарай, чиркөө, театр сыяктуу имараттар, чеп жана дубалдар менен курчалган шаар, байыркы доордун эң таасир берүүчү борборлорунун бири болгон. Көркөм өнөр, архитектура, шаар куруу жана медицина менен катар көптөгөн тармакта эң жогорку деңгээлге жеткен Бергама, илим жана маданий тармактагы жаңылыктарды алгачкылардан болуп жараткан.
Байыркы доордун эң маанилүү илим жана саламаттык сактоо борбору болгон «Асклепион» да ушул эле Бергамада жайгашкан. Б.з.ч 4-кылымда курулган жана биздин замандын 5-кылымына чейин иштеген бул ден-соолук борбору, дүйнөдө медицина илиминин өнүгүүсүндө маанилүү баскыч катары кабыл алынууда. Бул жер медицина илиминин символу болгон жылан жашаган, эң алгач психотерапияны ачкан, апийим сыяктуу дары-дармектер биринчи жолу жасалган жана колдонулган жер болуп саналат. Учурда дагы калган калдыктарын кыдырып көрүүгө боло турган «Асклепион» мифологиясындагы, саламаттык сактоо теңири Асклепийге арналып жасалган. Байыркы доорлордо Бергаманын саламаттык сактоо шаары болгонун аныктаган Асклепиондун кире бериш каалгасы учурда Виран каалгасы деп аталат. Ал ушул күнгө чейин бузулбай сакталып келген. Азыр көрө албасак дагы Асклепион жашаган мезгилдерде бул каалганын үстүндө «Бардык теңирлердин ыйыктыгы үчүн, Асклепионго айыккыс дартка кабылгандар кире албайт» деп жазылып турчу экен. Ушул себептен болсо керек оорулуулар бул каалганын алдында кечил дарыгерлер тарабынан текшерилип, айыккыс дартка кабылгандар жана кош бойлуу аялдар ичкериге киргизилчү эмес экен. Ал эми ичкери киргизилген оорулуулар болсо ыйык жолдон бир километрдей баскан соң шыпаалуу булактан ичип, жуунгандан кийин дарылоо иштери башталчу экен. Бул касиетүү суу учурда дагы колдонулууда.
Бир оорукана, бир китепкана, бир амфитеатр орун алган Асклепиондо тазалык, ибадат, түш жоруу жана насаат айтуу дарылоо ыкмаларынын негизин түзгөн. Психикалык жактан ооруган адамдарды дарылоодо колдонулган эң маанилүү ыкма бөлмөлөргө уктатылган оорулуулардын көргөн түштөрү болгон. Бул түштөр боюнча оорулууларга насааттар айтылган. Шал оорусуна чалдыккан адамдар үчүн болсо ысык жана муздак баткак мончолору, дары чөптөр, өсүмдүк майлары менен массаждар, кан тазалоо, ашказанды тазалоо, күн терапиясы сыяктуу дарылоо ыкмалары колдонулган. Ушул күнгө чейин сакталып келген жазууларга караганда спорт менен музыка да Асклепиондо дарылоонун эң негизги ыкмаларынын арасында орун алган.
«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда Измирдин Бергама районун сөз кылуудабыз. Тарыхый Пергамон королдугуна борбор шаар болгон жана ошол мезгилден калган көптөгөн тарыхый жайларды камтыган Бергама, термалдуу сууларга да абдан бай жер болуп саналат.
Бергамада орун алган көптөгөн термалдуу суулардын арасында эң белгилүүсү «Клеопатра» б.а «Сулуулук» булагы болуп эсептелет. Дээрлик 2500 жылдан бери колдонулуп келе жаткан бул арашан Асклепиондо оорулуулар ысык суу менен дарыланган жерлердин бири болгон.
Бергамадан 4 километр алыстыкта жайгашкан термалдык жай, Бергама королу Эвмен мезгилинде салынган жана «Асклепион мончолору» деген ат менен жүздөгөн жылдардан бери айтылып келе жатат. Айтымдарга караганда Египеттин ханышасы Клеопатранын да ушул арашан менен жуунуп сулуу болгону жана арашандын аты ушундан улам коюлгандыгы сөз кылынат. Миңдеген жылдар бою ооздон оозго өтүп келе жаткан айтымдарга караганда, Бергама королдорунун бирөөнүн айдай сулуу кызы болуптур. Күндөрдүн биринде ал өзүнөн да сулуу чабандын кызы бар экенин жана ал кыз Бергаманын түштүгүндөгү булактын суусуна жуунганын угуп, ал дагы дароо ушул булакка барып жуунуптур. Ансыз деле чырайлуу болгон кыз андан дагы сулуу болуп суйкайып чыга келиптир. Сарайга кайткан кызынын сулуулугуна суктанган король, булак орун алган жерге термалдык жай салдырып ар кимдин колдонуусу үчүн ачыптыр. Ал булакты «Сулуулук арашаны» деп атаптыр. Бул маалымат Египеттин ханышасы Клеопатрага чейин жетет. Ханыша да Бергамага келип бир канча күн ушул арашанда эс алат. Клеопатра келип кеткенден кийин бул жер Сулуулук арашаны катары белгилүү болуптур. Арашандын натрий, бикорбанат жана сульфаттуу 35 градустук суусу ревматизм ооруларына, жүрөк ооруларына жана тери ооруларына абдан пайдалуу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар