Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-37

161082
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-37


«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызда бүгүн Түндүк Батыш Анадолуда орун алган Чанаккале тууралуу сөз кылабыз.
Чанаккале- Эгей деңизи менен Мармара деңизин тогоштурган Чанаккале кысыгынын эки тарабына жайылган, тарыхы көптөгөн жыл мурда башталган шаар болуп саналат. Ал так эле Стамбул сыяктуу Азия менен Европанын ортосунда курулган. Миңдеген жылдар бою ар башка коомчулуктардын карамагында турган бул шаарда, ар башка цивилизациялардан ушул күнгө чейин сакталып келген издер бар.
Чанаккале дегенде алгач дүйнөнүн эң белгилүү байыркы шаарларынан бири болгон Троя ойго келет. Чанаккаленин Азия материги тарабында, Хисарлык дөбөсү аймагында орун алган бул байыркы шаардын б.з.ч 3000-жылдарда курулганы божомолдонууда. 19-кылымдын аяктарында ортого чыгарылган байыркы шаарда жүргүзүлгөн археологиялык казууларда үстү-үстүнө курулган тогуз кабат экени аныкталган. Геостратегиялык абалынан улам көптөгөн ицилизацияга мекен болгон Троя, 1998-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган. Троянын бүткүл дүйнөгө таанылышына себепчи болгондордун бири да байыркы доордо жашаган атактуу акын Гомер. Ал классикалык батыш адабиятынын негизи катары кабыл алынган «Илиада» аттуу чыгармасында Трояда болгон Троя согушун баяндайт. Анда гректердин амалдуулук менен жергиликтуу калкты оздоруно каратып алганы суроттөлөт. Трояны чебин бузуп кире албаган гректер, ичине аскерлерди жайгаштырып жыгачтан чон ат жасашып троялыктарга белек кылышат.Камылга менен аттын ичине жашынган аскерлер түн ортосунда күтүүсүз кол салып шаарды багындырат . Тарыхта калган бул Троя согушу акыркы он жылда кайрадан калк назарында болду . 2004-жылы башкы каарманды атактуу актер Брэд Питт ойногон Голливудда тартылган Троя кинотасмасы кайрадан копчулуктун назарын бурду.
Жыл сайын миңдеген турист кыдырган Троя байыркы шаарындагы казуу иштери учарда да уланып жатат. Табылган ар бир табылга тарыхка жарык чачып, Троянын дагы кенири таанылышына өбөлгө түзүүдө.
Тарыхы бай жана отуздан ашуун байыркы шаарларды камтыган Чанаккале, геотермалдык булактарга да өтө бай аймак болуп саналат. Бул шаарда көп сандаган чоң-кичине кайнар булак жер жергиликтуу калктын тилинде арашандар бар. Көпчүлүгү миңдеген жылдардан бери колдонулуп келе жаткан арашандар. Алардын эң белгилүүсү Кестанбол арашаны болуп саналат. Чанаккаледен 65 километр алыстыкта жайгашкан Кестанбол кайнар булагы , Түркиянын тарыхый булактырынан бири болуп эсептелет. Александрия Троас байыркы шаарынын этектеринде жайгашкан термалдык жайдын 2300 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келе жатканы божомолдонууда. Байыркы доордун маанилүү шаарларынан бири болгон Александрия Троас, Улуу Искендер үчүн б.з.ч курулган шаар. Кестанбол арашаны да ал мезгилде ушул шаардын саламаттык сактоо борбору катары колдонулчу экен. Кийин аталган шаар римдиктердин колуна өткөндө да , жанындагы кайнар булактарга мончо жана дарылоочу бөлүмдөр курулган. Айтымдарга караганда Кануни султан Сулейман согуштан кайткан жаралууларды ушул жерде дарылатчу экен.
Кестанбол арашаны ошол күндөрдөн бери көптөгөн цивилизацияга күбө болуп, суулары менен канчалаган ооруга даба болгон жер. Учурда дагы Александрия Троас шаарынын калдыктары жана мончолору орун алган арашан, эл оозунда « замзам суу » деп аталууда. Бул ишенич диний негиздеги уламышка таянууда. Буга караганда Иса пайгамбардын шакирттеринен бири болгон Азиз Паул биздин замандын 52-жылы христиандыкты жаюу максаты менен Анадолудан Европага барууну чечет жана ушул максатта Александрия Троас шаарына келет. Шаарда вааз-насыят айтып жаткан убакта аны терезеде угуп олтурган бала кулап кетип каза болот. Кестанболдун шыпаалуу суулары менен жуулганда бала кайрадан тирилет.
«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар.
Бүгүнкү программабызда Түндүк-Батыш Анадолудагы Чанаккалени жана Чанаккаленин Эзине районунда орун алган Кестанбол арашанын сөз кылуудабыз.
Эгей деңизинин дароо жанында жайгашып, зайтун жана эмен дарактары менен курчалган Кестанбол арашаны миңдеген жылдардагыдай эле учурда дагы шыпаа берүүсүн улантууда. Арашандын натрий, хлор, темир, фториддүү суусунун жылуулугу 54 градустан 75 градуска чейин жетет. Бул суунун бир литринде 22 грамм минераль бар болгондуктан «болот суу», төмөн радон газын камтыгандыктан «жаштык суусу» деп аталууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө алты башка булактан чыккан суулардын толуктоочу дарылоо катары көптөгөн ооруга пайдалуу экени аныкталган. Ревматизм, гинекологиялык ооруларга, дем алуу жолдору ооруларына, нерв жана булчуңдарга, муун, ашказан, ичеги, өпкө, өт ооруларына жана геморройго өтө пайдалуу.
Тарыхый Алехандриа Траос байыркы шаарынын калдыктарынын дароо жанында жайгашкан Кестанбол арашандары миңдеген жылдардан бери сакталып келе жаткан тарыхы жана жаратылышы менен келгендерге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. Бул жер тынч жана ырахат берүүчү тарыхый чөйрөдө эс алууну каалагандар үчүн идеалдуу жер болуп саналат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар