Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-35

151048
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-35


«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызда Түркиянын туристтик аймактарын жана саламаттык туризм потенциялын түшүндүрүүдөбүз. Бүгүнкү программабызда Эгей аймагында орун алган Маниса району тууралуу сөз кылабыз.
Батыш Анадолуда Гедиз өрөөнүнүн берекелүү жерлеринде жайгашкан Маниса- тарых бою көптөгөн цивилизацияларга мекен болгон жана бул цивилизациялардын мурастарын ушул күнгө чейин сактап келген шаар. Тарыхы б.з.ч. 3000-жылдарга чейин жеткен шаарда хет, фриг, лидия, македон, рим, византия, селжук жана осмон доорлоруна таандык издер бар. Маниса Осмон империясы мезгилинде да абдан маанилүү област болгон. Анткени бул жер шахзадалардын б.а келечектин падышаларынын алгачкы кызмат жери эле. Шахзадалар тактыга чыгаар алдында Маниса аймагынын башкаруусунан жооптуу болуп, ушундайча башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшкөн.
Географиялык абалынан улам ар бир мезгилде адамдар жайгашуу үчүн тандашкан жер болгон Маниса, археологиялык казууларда жарыкка чыгарылган жыйырмага жакын байыркы шаарды камтыйт. Тарыхтын ар башка доорлорунан калган бул байыркы шаарлардын арасында эң белгилүүсү шексиз «Сардес» байыркы шаары. Учурда Манисанын Салихли районунда орун алган бул байыркы шаар б.з.ч. 5-кылымдан биздин замандын 7-кылымына чейин 1500 жыл аймактын эң маанилүү шаары болгон. Сардестин бүткүл дүйнөгө таанылган убагы Лидия королдугуна баш калаа болгон мезгилге туш келет. Дүйнөдө мамлекеттик ишеним менен акча алгач ирет лидиялыктар мезгилинде Сардесте басылат. Тактап айтканда учурдагы монетанын чыккан жери-Сардес. Лидиянын адамзаттык тарыхына чоң салым кошкондугу айтылган бул окуя биздин замандын 7-кылымында болгон. Бетинде лидия королдугунун герби бар бул монеталар үчүн Сардестин ичинен өткөн Пакталос дарыясынын аллювий чөкмөлөрүндөгү алтын-күмүш аралашкан электрум колдонулат. Сардес лидиялыктардан кийинки мезгилдерде да маанилүү шаар болуусун улантат. Өзгөчө эллинистик доордо Рим империясы мезгилинде атынан көп сөз кылынат.
Учурда аты «Сарт» деп айтылган өрөөн, тарыхый жерлери сыяктуу шыпаалуу суулары менен да белгилүү. Боздаг тоосунун этектеринде, Чамурхамамы айылында орун алган Сарт арашандары эл оозунда «Баткак мончолору» деп айтылат. Салихли областтынан 11 чакырым, Манисадан болсо 68 чакырым алыстыктагы бул арашан, балким дүйнөнүн эң байыркы арашаны болуп саналат. Жүргүзүлгөн археологиялык казууларда Сарт арашандарынын Лидия королдугу мезгилинен бери колдонулуп келе жаткандыгы аныкталган.
Сарт арашандарынын калций, натрий, бикарбонат жана сера камтыган суусу миңдеген жыл мурда болгону сыяктуу учурда да мончодо жана ичип дарыланууда колдонулууда. Сарт арашандары толуктоочу дарылоо катары ревматизм, невралгия, тери оорулары, дем алуу жолдору жана гинекологиялык ооруларга пайдалуу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар