Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-32

Туризм бейиши- Балыкесир

133159
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-32


«Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызда бүгүн сиздерге зайтун бактары менен курчалган булуңдары, Эгей жана Мармара деңизи менен жээктеш пляждары, чоң- кичине аралдары менен чыныгы туризм бейиши болгон Балыкесирди тааныштырабыз.
Түндүк Батыш Анадолуда орун алган Балыкесир табигый, археологиялык, тарыхый жана маданий байлыктары менен Түркиянын алгачкы туризм борборлорунан бири болуп саналат. Аймактын тарыхы б.з.ч 3200-жылдарда башталган. Троялыктар, хеттер, фригдер, лидиялыктар, перстер, македондор, бергамалыктар, римдиктер жана византиялыктар ар башка мезгилдерде ушул аймакта жашап келишкен. Балыкесир жана чөйрөсү 13-кылымдан тарта түрктөрдүн көзөмөлүнө өтөт.
Балыкесирдин Эгей жээктери грек мифологиясында маанилүү орду болгон Ида тоосун да камтыйт. Учурда Каз тоосу деп аталган бул тоонун жаратылыш кооздугу адамды суктандырат. Грек мифологиясына караганда теңирчелер Гера, Афина жана Афродит жашаган, Троя согушуна себепчи болгон ошол белгилүү сулуулук жарышы ушул жерде өткөрүлгөн. Дагы бир мифологияга карганда Зевс ушул жерде туулган, теңирлер Троя согушун бул жерде көрүшкөн, сулуу теңирче Афродит ушул жерде биринчи жолу ашык болгон. Каз тоосунун чокусуна чыкканда Эдремит булуңу көрүнүп турат. Бул тоо учурда да тарыхый өтмүшү, таза абасы менен адамды суктандырат.
Балыкесир тарых бою термалдуу суулары менен да таанылып келе жатат. Бул жерде көптөгөн термалдык жайлар жана арашандар бар. Булардын бирөө Балыкесирдин түндүгүндөгү Гөнен районунда жайгашкан Гөнен арашаны. Байыркы доорлордо Асепсус, Артемеа сыяктуу аталыштар менен белгилүү болгон Гөнен аймагында тарых бою ар башка цивилизациялар жашап келген. Ушундан улам абдан бай маданий жана тарыхый мураска ээ.
Гөнен арашандары Анадолудагы көптөгөн арашан сыяктуу байыркы доорлордон бери колдонулуп келе жатат. Арашандардын чөйрөсүндөгү казуу иштери убагында табылган мозаикалар, жазылган таштар, устундун баштары, монеталар сыяктуу тарыхый табылгалар бул жерде шыпаалуу суу булагынын б.з.ч мезгилдерден бери колдонулуп келе жаткандыгын далилдеп турат. Аймакта жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган бул тарыхый табылгалар учурда Гөнен музейине коюлган.
Гөнен арашанынын байыркы доорлордон бери колдонулуп келе жаткандыгынын дагы бир белгиси да аймакта жайгашкан жана биздин замандын 2-кылымына таандык экени божомолдонгон жазуулар. Гөнендин аты «Терми» б.а «ысык суу шаары» деп аталган бул жазууларда ысык суунун шаар үчүн маанилүү экени баса белгиленип, шыпаалуу суулардын адамдарга тартуулануусу үчүн жардам көрсөткөн жетекчи жана кишилердин ысымдары белгиленген.
ТРТ Түркия үнү радиосунда «Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия» аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Балыкесир областынын Гөнен районунда орун алган тарыхый арашандарды сөз кылуудабыз. Байыркы доорлордон бери колдонулуп келе жаткандыгы аныкталган Гөнен арашанынын эң маанилүү өзгөчөлүгү суусу тунук жана таза. Тоонун этектеринде, 275 метр тереңдиктен чыккан бул суу эч качан жамгырдын, кардын суусу менен аралашпайт. Ушундайча арашандын суусу дүйнөдө чанда кездешкен өзгөчөлөгүн сактап миңдеген жылдардан бери адамдарга шыпаа берип келе жатат.
71- 82 градустук суусунун курамында натрий, сульфат, хлор, бикарбонат бар жана фторидге өтө бай. Адистер бул шыпаалуу сууну мончодо жана ичип колдонсо да болоорун белгилешүүдө.
Гөнен арашанынын суусу гинекологиялык оорулар менен катар шал, ашказан, ичеги, өт оорулары, ревматизм сыяктуу ар кандай ооруларга толуктоочу дарылоо катары абдан пайдалуу. Термалдуу суу кээ бир операциялардан кийин жарааттын бат айыгышына өбөлгө болот. Айрыкча буусу менен дарылоодо дем алуу жолдору ооруларына да жакшы.
Стамбул университетинин медицина факультетинин медициналык экология жана гидроклиматология кафедрасы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө Гөнен арашандарынын фибромиалгия оорусун дарылоодо өтө таасирдүү экени белгиленген. Дайыма чарчап-чаалыгууга, уйкусуздукка жана эч басаңдабаган ооруларга себепчи болгон фибромиалгия, адистер тарабынан кылымдын оорусу деп мүнөздөлүүдө.
Көп иштеген аялдарда кездешилген жана стресстен келип чыккан бул оору үчүн Гөнен арашанынын суусу өтө пайдалуу. Термалдуу суу менен Гөнендин климаты бул ооруну дээрлик айыктырууда.
Гөнен арашандарынын шал оорусана да оң таасирлери бар. Термалдуу суу физиотерапия жолу менен колдонулганда дененин кыймылдабай калган жерлеринин нервдерин ойготот. Айрыкча булчуңдарды күчтөндүрөт. Ушундайча ал жердин жанданышына өбөлгө түзөт.
Тарый бою египеттиктер, римдиктер жана византиялыктар тарабынан тейленген Гөнен арашандары учурда муниципалитет жана менчик секторлор тарабынан тейленип жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтерге кызмат кылынууда. Жыл сайын миңдеген турист Гөненге шыпаа табуу үчүн келүүдө.
Гөнен термалдык суулары туризмге карай, дарылануу максаттуу пайаланылганы сыяктуу эле, ишкана, парник жана турак үйлөрдүн ысытылышы сыяктуу көп тармакта колдонулууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар