Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-28

Токаттын тарыхы, туризми жана термалдык булактары

99518
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-28

Саламатсыздарбы! Бүгүн “Саламаттык cактоо, туризм жана Түркия” программасында Түркиянын түндүгүндөгү Карадеңиз аймагынын ички бөлүгүндө жайгашкан Токатка сапарга аттандык. 6000 жылдык тарых бою бир канча цивилизацияны өз ичине алган Токаттын тарыхы, туризми жана термалдык булактары туурасында маалымат беребиз.
Рим императору Юлий Цезардын “келдим, көрдүм, жеңдим” деген атактуу сөздөрүн баарыңыздар уккан болсоңуздар керек. Бүгүнкү программабызда сиздерге ушул атактуу сөзү тууралуу баяндап беребиз. “Келдим, көрдүм, жеңдим” деген сөз Токат шаарында айтылгандыгын баары эле биле бербесе керек. Бул окуя б.з. чейин 47-жылы болгон. Юлий Цезардын кол астындагы Рим армиясы Токатка караштуу Зиле аймагында Басфарос падышасы Фарнаке 2нин армиясы менен беттешет. Рим армиясы көп жоготууларга дуушар болгондугуна карабастан оор жана кандуу согушту жеңип чыгат. Цезар 5 сааттык согуштан кийинки жеңиши тууралуу маанилүү сөздөр жазылган катты Зиле мунарасынан Римге жиберет. Катта “Келдим, көрдүм, жеңдим” деп жазылган эле.
Токат римдиктерден мурда дагы, римдиктерден кийин дагы бир канча цивилизациялардын доорун сүргөн, ар бир цивилизациялардын издери калган, 6000 жылдык тарыхка ээ болгон шаар. Тарых бою маанилүү соода жана маданияттын борбору, 14 мамлекетке жана дөөлөткө маанилүү жай болуп берген. Хеттер, фригдер, римдиктер, византиялыктар, данишменддиктер, илхандыктар, селжуктар жана Осмон империялары Токатты башкарган дөөлөттөрдөн бир канчасы. Ошондуктан музей сыяктуу болгон үстү ачык шаардын төрт тарабында тарыхтын түрдүу учурларына таандык болгон жайларды жана эстеликтерди көрүүгө болот. Б.з.чейин 3000- жыл мурда калган Машат үңкүрү, Рим жана Византия мезгилдеринин маанилүү шаарларынын бири болгон байыркы Сепастополис шаары, Селжуктардан калган Токат мунарасы, Осмон архитектурасынын эң кооз үлгүлөрүнөн бири Ташхан, Али Паша мечити, Бехзат мечити, Улуу мечити байыркы эстеликтерге мисал боло алат.
Токат байыркы жана тарыхый жерлери менен бирге табияты менен дагы адамдын көңүлүн бурат. Базар аймагында жайгашкан “Баллыжа” үңкүрү табигый кооздуктардан бири десек болот. “Баллыжа” үңкүрү болжол менен 3,5 миллион жыл мурда пайда болгондугу айтылып, бул жер астындагы үңкүр 7 кабат жана 9 залдан турат. Кооз сталактит жана сталагмиттер үйүлүп турган зал көрүүчүлөрдү таң калтырат. Бул залдардын ар бирөөсү өзгөчө кооздукка ээ. Аймак калкынын залдарга берген атынан улам дагы өзгөчөлөнүп турат. Мисалы: пияз залы, балмуздак залы, жарганат залы, табылгалар залы жана козу-карын залы. Дүйнөнүн саналуу чоң үңкүрлөрүнүн бири болгон Баллыжа үңкүрүнүн астма оорусуна да пайдалуу экендигин айтышат. Үңкүрдүн абасы атмосферадагыдан төрт эсе таза кислороддон тургандыктан, адамдардын дем алуусун жеңилдетет, ошондуктан астма оорусу менен ооруган кишилер Баллыжа үңкүрүн кыдырып жатышканда кыйналышпайт.
ТРТ Түркиянын үнү радиосунда Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиянын түндүгүндө Карадеңиз аймагынын ички бөлүгүндө жайгашкан Токатты таанытып жатабыз. Токат бир гана тарыхы, туризми менен эмес тармалдык булактары менен дагы белгилүү. Сулусарай жана Решадийе арашандары Токаттагы эң маанилүү тармалдык булактарынан бири. Сулусарай арашаны Артова аймагына караштуу Сулусарай районунда жайгашкан. Арашан булактары Себастопол байыркы шаарындагы Нижеполис урандыларынын арасында орун алат. Латынчада “ чоң шаар” деген маанини билдирген Себастопол эллинистик Рим жана Византия мезгилдеринин маанилүү борборлорунан бири болгон. Сулусарайда жүргүзулгөн археологиялык казууларда ошол мезгилге таандык мончо жана чиркөөнүн калдыктары табылган. Ушундай цивилизациянын аймагында жайгашкан Сулусарай арашанынын тарыхы дагы байыркы. Тарыхый маалыматтар анализделгенде Чермикөнү арашаны деп да айтылган Сулусарай арашанынын Рим, Византия, Селжуктар жана Осмон империясы мезгилдеринде дагы колдонулгандыгы айтылууда. Туздуу, сульфат жана кичине ачуу дамдуу болгон арашан суусу 55 даража тегерегинде. Жергиликтүү калк айрыкча жай айларында бат баттан зыярат кылган Сулусарай арашаны ревматизм, невралгия жана тери ооруларынын баардыгын даарылайт.
Токат шаарындагы башка бир арашан болсо Решадийе аймагындагы Решадийе арашаны. Кызылкарагай, сарыкарагай жана кайын бактарынын арасында жайгашкан арашан өзүнүн даарылуугу жана кооздугу менен кишилердин көңүлүн бурат. Токаттын борборуна 90 километр алыстыкта жайгашкан Решадийе арашаны Келкит дарыясынын жанында Келкит өрөөнүндө жайгашкан. Арашандын кандай өзгөчөлүктөргө ээ экендигине жана кандай ооруларга пайдалуу болгондугуна токтоло турган болсок; Решадийе арашанынын 48-52 даражада кайнап чыккан сууларынын курамы калий, натрий жана магнийге бай. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Решидийе арашаны ревматизмге, муун ооруларына, операциядан кийинки бат айыгууга жана стресске пайдалуу экендиги белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар